Украин бийлиги 1-ноябрда Николаев жана Чернигов облустарын Орусия ракета менен аткылаганын билдирди. Николаевде адамдар жабыркаганын, тиешелүү кызматтар чабуулдун кесепетин жоюунун үстүндө иштеп жатышканын шаар башчысы Александр Сенкевич Телеграм каналына жазды.
Чернигов облусуна 1-ноябрга караган түндө Орусиянын учкучсуз учактары чабуул жасаган. Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы маалымдагандай, 66 жаштагы аял жаракат алды. Айыл чарба ишканасынын кампасы өрттөндү. Бир катар административдик имараттар, бир үй жана автоунаа жабыркады.
1-ноябрь күнү дрон чабуулуна Новгород-Северский шаары да кабылганы кабарланды, ал жакта имараттар жабыркады.
Запорожье облусунун Орехов аймагына жасалган чабуулдан 72 жаштагы тургун жаракат алганын облус башчысы Иван Федоров билдирди. Полтава районунда дрон чабуулунан улам газ өндүрүүчү ишканада өрт чыкты. Чукул кырдаал кызматы өрттү өчүрүүгө 20дай техника, жүзгө чукул куткаруучу тартылганын, өрт таңкы алтыга жакын толук өчүрүлгөнүн билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.
Украин аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, ишембиге караган түнү Орусия тараптан 223 дрон чабуул койду. Анын ичинен 206сы жок кылынды.
Орусиянын Украинадагы кеңири масштабдагы согушу башталганына 3,5 жылдан ашты. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.
31-октябрга караган түнү Украинанын Сумы шаары Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын, сокку жапырт урулганын, жарандык инфраструктура объектилери, үйлөр талкаланганын, кеминде 11 киши жараат алганын, арасында балдар да бар экенин, кээ бир жерлерде өрт тутанганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады.
Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, бир саат ичинде эле бул аймакка он учкучсуз учак учурулду. 30-октябрда эртең менен да Сумыда май куюучу станция бутага алынып, төрт киши жараат алган. Эки күн мурда шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калган.
Быйыл жыл башынан бери Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан бул аймакты орус аскерлери куралдын ар кандай түрү менен 543 жолу аткылады, натыйжада 72 кишинин өмүрү кыйылды, 434 киши жараат алды.
Өткөн түнү Харьков аймагы да орус армиясынын аткылоосуна кабылганы, темир жол ишканасы жабыркаганы кабарланды.
Жумага караган түнү дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Бир нече аймактын жергиликтүү бийлик башчылары маалымдагандай, электр жарыгы менен камсыздоо иши үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерде өрт чыкты. Орел облусунун губернатору Андрей Клычков билдиргендей, шаардын Жылуулук электр борборунун аймагына дрондун сыныктары түштү, ошондуктан электр тармагынын иши үзгүлтүккө учурады.
Владимир облусунун башчысы Александр Авдеев Владимир шаарынан анча алыс эмес жерде инфраструктурага чабуул коюлганын гана айтты, андан башка маалымат берген жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, 31-октябрга караган түнү өлкө аймагында украиндердин жалпысынан 130 учкучсуз учагы жок кылынды.
Кээ бир шаарларда аэропорттор убактылуу иштебей турду.
Украинанын борбор калаасы Киев жана башка да он чакты аймагы 30-октябрга караган түнү Орусиянын ракеталык жана дрон чабуулуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Дрондор Харьков, Сумы, Запорожье, Николаев, Днепропетров, Киев, Черкассы, Кировоград, Житомир, Винница, Хмельницкий облустарынын аймагына учурулганы айтылды, алардын так саны боюнча азырынча маалымат жок. Чабуулдардан ондогон адам жараат алганы, арасында балдар да бар экени, үйлөр, имараттар, маанилүү инфраструктура объектилери зыянга учураганы кабарланды.
Украиналык Telegram каналдар кабарлагандай, Орусия Мурманск облусундагы "Оленья" аэродромунан Ту-95МС стратегиялык бомбалоочуларынан жетөөнү учурду, алар Х-101 жана Х-55 канаттуу ракеталары менен аткылады.
Орус аскерлери шаршембиде Херсон шаарынын Днепр районуна сокку урганда медициналык мекемелердин бири бүлүнгөнүн облустун администрация башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматы боюнча үч кызматкер жана бир жашы жете элек бала жабыркады.
Облус прокуратурасы балдардын ооруканасы аткыланганын тактап, мындан көп киши жарадар болгонун билдирди.
«Алдын ала маалыматка караганда, тогуз киши, арасында 4 бала жана үч медициналык кызматкер жараат алды», - деп айтылат билдирүүдө. Прокуратура оорукананын имараты катуу зыян тартканын, жарылуунун эпкининен айланасындагы курулуштар жабыркаганын кошумчалады.
Тергөөчүлөр эртең мененки саат 9:20да орус аскерлери Херсондогу балдар ооруканасын артиллериялык куралдан аткылаганын, ошол учурда ал жакта кичинекей бейтаптар, ата-энелери жана медициналык кызматкерлер болгонун маалымдашты.
Орусиянын армиясы бул билдирүүнү Херсонго жасалган буга чейинки чабуулдардай эле комментарийсиз калтырды. Шаар дээрлик майдан сызыгында орун алган. Аны бөлүп өткөн Днепр дарыясынын аркы жээгин Орусия оккупациялаган.