Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19
Украина кезектеги соккудан кийин.
Украина кезектеги соккудан кийин.

Украина: Орусиянын чабуулу уланды, Покровск боюнча маалымат берилди

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:14

Украинада 2-декабрга караган түнү фронт тилкесине жакын аймакта жайгашкан Краматорск шаарында Орусиянын дрон соккусунан кеминде бир адамдын өмүрү кыйылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кабат үйгө жасалган чабуулдан өрт тутанып, бир нече киши жараат алды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдиргендей, жалпысынан орус аскерлери сегиз жерге учурган 62 учкучсуз учак атып түшүрүлдү.

Дрондордун жапырт соккусуна Одесса облусу да кабылганын жергиликтүү бийлик башчылары билдирди. Бул аймакта энергетикалык объектилердин биринде өрт чыгып, 30 миңдей абонент электр жарыгысыз калды.

Борбор калаа Киевде ишемби күнкү жапырт аткылоодон каза болгондордун саны үчкө жетти. Жараат алып, ооруканага түшкөндөрдүн бири 2-декабрда көз жумганын Телеграм каналына калаа мэри Виталий Кличко жазды.

Ал тапта Покровск аймагы боюнча Украинанын маалыматы чыкканын Reuters кабарлады. Аталган агенттик бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн десанттык чабуул аскерлеринин 7-чукул чара көрүү корпусуна таянып билдиргендей, украин аскерлери Покровскинин түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп турушат, түштүк жагында орусиялыктар көбүрөөк болууда.

Орусиянын командачылыгы кечээ президенти Владимир Путинге бир нече айдан берки чабуулдардан кийин Покровск алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялашкан болчу.

Согуш учурунда тараптардын маалыматын жана билдирүүлөрүн бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.


14:32 1.12.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Флоридадагы сүйлөшүүлөр тууралуу журналисттерге комментарий берип, Украинадагы согушту токтотуу тууралуу келишимге жетүү үчүн "жакшы мүмкүнчүлүк бар" деп айтты.

Трамптын айтымында, Украинада "айрым татаал көйгөйлөр бар". Журналисттердин муну тактаган суроосуна Трамп "согушту токтотууга жолтоо болгон коррупцияга байланышкан кырдаал тууралуу сөз болуп жатат" деген таризде жооп кайтарган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 30-ноябрда Киев менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнөн кийин Украинадагы согушту токтотуу абдан маанилүү экенин, бирок кайра кол салууга жол бербөө жана коопсуздук да мааниге ээ экенин айткан. Мамлекеттик катчы талкууда талаштуу маселелер бардыгын жана бул маселе Орусиянын позициясынан да көз каранды экенин белгилеген.

The Wall Street Journal басылмасы Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Орусияга 1-декабрда сапар тартарын жазды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров сүйлөшүүлөр "жемиштүү жана ийгиликтүү өттү" деп баалаган. Анын айтымында, тараптар Украина үчүн маанилүү маселелерди талкуулады, "АКШ анда Киевди колдойт".

Украинанын президенти Владимир Зеленский Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, «анда конструктивдүүлүк бар» деп билдирди.

Жолугушуу Майямидеги Shell Bay гольф-клубунда өттү. Axios басылмасы АКШ Украина менен аймактар жана коопсуздук боюнча пикир келишпестиктерди жайгарууну көздөп жатканын жазган.

The Wall Street Journal билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө шайлоо, аймактарды алмашуу жана коопсуздук кепилдиктери талкууланып, төрт сааттан ашык убакытка созулду.

30-ноябрдагы жолугушууга Америка сүйлөшүүгө президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн атайын чабарманы Стиф Уиткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.

АКШ 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуштары менен Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү шашылыш өз сунуштарын иштеп чыгууга киришти.

Анткени серепчилер Ак үйдүн планында көбүрөөк Орусиянын кызыкчылыгы жакталып калгандай деп белгилешет.

Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.

Американын 28 пункттан турган планы өткөн аптада маалымат каражаттарына жарыяланып кеткенде украин жетекчилери бейпайга түшкөн. Киевди нес кылып, алтургай Зеленскийдин кыжырын келтиргени маалым болгон. Андан кийин украин делегациясы Рубио жана башка АКШ өкүлдөрү менен Женевада өз алдынча сүйлөшүү өткөргөн.

Маалыматка караганда, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19 пункттан турган жаңы документ иштелип чыкты. Бирок андагы бир катар маанилүү маселелер али чечилбей турат. Алардын ичинде Донбасстын бир бөлүгүнүн келечеги, Украинанын НАТОго кошулуусу, Киевдин куралдуу күчтөрүнүн ыктымал кыскартуусу сыяктуу курч маселелер турат.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага жөн жерден кол салгандан бери ар кандай эсептер боюнча эки тараптан миллионго жакын адам набыт болду же оор жаракат алды.

14:32 1.12.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, «анда конструктивдүүлүк бар» деп билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдө конструктивдүүлүктүн болгону маанилүү, бардык маселелер ачык айтылды, Украинанын эгемендигин жана улуттук кызыкчылыгын камсыздоо багытында дагы», — деп жазды Зеленский соцтармактагы баракчаларында.

Ал жолугушуунун башка деталдарын тактаган жок, иш дагы уланарын белгиледи.

АКШнын Флорида штатында 30-ноябрда Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Америка тараптан сүйлөшүүгө президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн атайын чабарманы Стиф Уиткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.

Рубио бул жолку жолугушуу "абдан жемиштүү" болгонун айтканы менен Украинадагы согушту токтотуу планында дагы тактай турган маселелер бар экенин кошумчалады.

"Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн cоң жана бул жумадагы окуяларга улай дагы бир жемиштүү жыйын өттү. Бирок аткара турган иштер көп", - деди Рубио 30-ноябрда журналисттерге. Бирок эмне иштер экенин так айткан жок.

Мамлекеттик катчы талкууда талаштуу маселелер бардыгын жана бул маселе Орусиянын позициясынан да көз каранды экенин кыйытты.

Ал арада Франциянын бийлиги президент Эммануэл Макрон 1-декабрда Парижде Владимир Зеленский менен жолугарын, алар адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыктын шарттары туралуу сүйлөшөрүн билдирди. Макрон Киевди туруктуу колдогон лидерлердин бири.

16:30 29.11.2025

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия соңку чабуулунда кеминде 36 ракета жана 600дөй согуштук дрон колдонгонун, негизги бутага Киев шаары жана облусу алынганын, жеринде куткаруучулар жана тийиштүү кызматтар иштеп жатканын 29-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, сокку кайрадан энергетика тармагына, жарандык объектилерге урулду, көптөгөн турак жайлар өрттөнүп, талкаланды.

Соңку маалымат боюнча, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, дагы отуздай киши жараат алды, Киевдин 500 чамалуу тургуну электр жарыгысыз калды.

Зеленский абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар тийиштүү санда камсыздалышы зарыл экенин кошумчалады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү 29-ноябрга караган түнү Орусия аэробаллистикалык «Кинжал» ракеталарынан бешти, канаттуу Х-101, «Искандер-К» ракеталарынан 23тү, баллистикалык «Искандер-М» ракетасынан төрттү жана башкарылуучу Х-59/69 авиациялык ракеталарынан да төрттү учурганын, алардын жалпы жыйырма чактысын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн маалымдады.

Жапырт чабуул жасаганын Орусия өзү да тастыктады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматында ракеталардын жана учкучсуз учактардын бутасына "Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары жана алардын ишин камсыздап турган энергетика объектилери" алынганын билдирди.

Орус бийлиги жайкын украиндер, жарандык эң зарыл инфраструктура жабыркаганын согуш баштагандан бери эле мойнуна албайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG