Кыргызстанда 15 миңден ашык кишиден ВИЧ-инфекциясы аныкталган. Илдетке кабылгандардын 60% ашыгы 20–39 жаштагы социалдык жактан активдүү адамдар. Дарыгерлер оору жыныстык жол менен тарап жатканын белгилешти.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Кыргызстандыктар Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн добуш берүүдө. Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келсе дейт? Жаңы парламенттен эмне күтөт? Бул суроолор менен “Азаттыктын” кабарчысы Ысык-Көлдүн тургундарына кайрылды.
"Азаттык" аймактардагы элге микрофон сунуп, Жогорку Кеңешка кандай депутаттар келиши керек деген суроо узатты.
Кыргызстанда тумоологон балдар көбөйүп, ооруканалар толуп калды. Дарыгерлер быйыл тараган "Гонконг тумоосу" өтө кооптуу, бирок жалпы эпидемиологиялык абал туруктуу дешет. Бишкекте бир нече бала бакча карантинге жабылды, Баткенде айрым мектептерде окуучулар убактылуу онлайнга өттү.
Академик, адабий сынчы, коомдук ишкер Абдыганы Эркебаевдин “Бар бол, Адабият!” аттуу китеби жарык көрдү. Анда эгемендик жылдарда жазылган чыгармалар талданган. Китеп акыркы жылдардагы кыргыз адабияты, анын өнүгүшү жана мүчүлүштүктөрү тууралуу ой толгоого жем таштады.
Ички иштер министрлиги (ИИМ)кармалган мурдагы үч судьяга, прокуратура кызматкерине жана кылмышка шектүүнүн жактоочусуна карата Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Муну менен катар дарыканалардын санын кыскартуу керектигин айтып, калк ичинде дары-дармек көп колдонулуп жатканын жүйө келтирген. Коомдогу талкуулардан кийин министр сөзү туура эмес чечмеленип кеткенин билдирди.
Акыркы жылдары катаал мамиледен жана согуштан улам Орусиядан миңдеген кыргыз мигранттары чыгып кетти. Бул маселе кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, каралышы керек дешет серепчилер.
Айнура Тажикстандагы жарандык согуш маалында Кыргызстанга энеси менен качып келген. Очор-бачар болгонуна карабай, он жылдан бери жарандык алуу аракетинен майнап чыккан жок. Балдарынын каттоосу жок болгондуктан, догдурга көрүнүү, мектепке жиберүү сыяктуу маселелер чоң тоскоолдукка айланган.
Баткендин Кара-Бак айылы чөлкөмдүн башка жерлеринен айырмаланып малга ыңгайлашкан. Соңку жылдары климаттагы өзгөрүүлөрдүн, кургакчылыктын айынан мал-жандык ылаңдаган учурлар көбөйдү. Ветеринар жубайлар атайын долбоор жазып, жаңы жабдыктарды алып, ылаңдаган мал-жандыкты дарылайт.
Дагы жүктөңүз