Логистикалык жактан маанилүү калаа үчүн айыгышкан салгылаштар бир нече айдан бери жүрүп жатат. Катардагы украиналыктар каршы тарап Покровскини алганынан күмөн санаганы менен, эгер ал чын болсо жагдай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир этерин белгилешет.
Кыргызстанда 15 миңден ашык кишиден ВИЧ-инфекциясы аныкталган. Илдетке кабылгандардын 60% ашыгы 20–39 жаштагы социалдык жактан активдүү адамдар. Дарыгерлер оору жыныстык жол менен тарап жатканын белгилешти.
"Азаттык" парламенттик шайлоодо көп добуш менен алдыга чыгып, биринчи жолу депутат болгону жаткандарды талдады.
30-ноябрда Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо 30 округдан алдыга озуп чыккан талапкерлер тууралуу кыскача маалымат. Бул шайлоонун алдын ала жарыяланган жыйынтыгы экенин эске салабыз.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул саясий жараянды бийлик мыйзамдын чегинде гана уюштурууну убада кылууда. Бирок шайлоо парламенттин ролу төмөндөп, өлкө энергетикалык оорчулукту башынан кечирип жаткан шартта өтүүдө.
30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 10:00гө карата 167 миң 72 жаран добуш берди.
Кыргызстанда тумоологон балдар көбөйүп, ооруканалар толуп калды. Дарыгерлер быйыл тараган "Гонконг тумоосу" өтө кооптуу, бирок жалпы эпидемиологиялык абал туруктуу дешет. Бишкекте бир нече бала бакча карантинге жабылды, Баткенде айрым мектептерде окуучулар убактылуу онлайнга өттү.
"Таза аба үчүн айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек...". Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун бул сөзү кызуу талкууга түштү. Бишкектин тургундары суук башталганы борбор калааны кайрадан ыш каптап жатканына нааразы. Активисттер транспорт маселесин чечүү керек дешет.
Кыргызстандагы 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясынан кийин президенттик кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келаткан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маселеси кайрадан көтөрүлдү. Апрель окуясында жүз чакты кишинин өмүрү кыйылган. Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.
Академик, адабий сынчы, коомдук ишкер Абдыганы Эркебаевдин “Бар бол, Адабият!” аттуу китеби жарык көрдү. Анда эгемендик жылдарда жазылган чыгармалар талданган. Китеп акыркы жылдардагы кыргыз адабияты, анын өнүгүшү жана мүчүлүштүктөрү тууралуу ой толгоого жем таштады.
Дагы жүктөңүз