"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореядагы расмий сапарынын алкагында энергетика, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол кол коюлду.
Социалдык тармактарда Жогорку соттун төрагасы болгонуна бир айдан эми ашкан Медербек Сатыевдин башкаруу ыкмасы, кызматкерлерге жасаган мамилеси талкууланууда. Ал ишке киришкенден бери Сот департаментин күтүүсүз текшерди, Сот адилеттиги боюнча кеңештин, ага караштуу Жогорку мектеп ишинен кабар алды.
Украинада Орусиянын чабуулдары уланып жаткан учурда ЖККУнун лидерлери Казакстандын Астана шаарына чогулду.
Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган Ноокаттын Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу мекемеге өз эрки менен барганда кармалганын, уруп-сабалганын айтып чыкты. Мындан улам өлкө башчыларына кайрылып, ага козголгон кылмыш ишинин акыйкат териштирилишин суранды.
Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Берлинде немис канцлери Олаф Шольц жана өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп, эки тараптуу алака-катышты талкуулады.
УКМК Камчыбек Ташиевди коркутуп кат жазган деп шек саналган жаран кармалганын, анын "чет өлкөлүк атайын кызматтарга, деструктивдүү күчтөргө тиешеси болгонун" билдирди. Шектүү буга чейин эки ирет соттолгонун, убагында Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөнүн, кесиби учкуч болгонун маалымдады.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө абагынан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге "Жаңы күч" партиясы жана анын башчысы Кубанычбек Конгантиев тууралуу кайрылуу жолдоду.
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы 33 шаардык кеңештеги шайлоонун 30уна катышып, бардыгынан мандат алды. Ош өңдүү ири шаарларда марага биринчи болуп келди.
Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешинде шайлоодон четтетилип, төрагасы Темирлан Султанбеков "добуш сатып алуу" беренеси менен камакка алынды. Ал 26 жашта, саясатка эрте аралашкан, учурда "Социнтерн" эл аралык бирикмесинин вице-президенти.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй камагына чыкканы тууралуу комментарий берди. Мурдагы бажычы 11-ноябрда эле эркиндикке чыкканы белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган жоон топ адамды "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармаганы белгилүү болду. Милиция алар шайлоо учурунда калайман башаламандык уюштурууга камданып жүргөн деген маалымат таратты.
Президент Садыр Жапаров Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде дүйнө коомчулугу бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылып жатканын айыпташы керектигин билдирди.
Бишкекте 1-ноябрда кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси шаан-шөкөт, парад менен белгиленди.
Кыргызстандын эгемен тарыхындагы ири нааразылык акцияларда, бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап, төңкөрүштөрдө жана саясий тирештердеги эл менен кагылыштарда бир нече милиция кызматкери набыт болгон, айрымдары оор жараат алган жана катуу сабалган учурлар дагы катталган.
Президент Садыр Жапаров беш генералды наамынан ажыратканы белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси менен коомчулуктун талкуусун, өзү жана ишмердиги жөнүндө сөздөрдү жандантты.
Быйыл 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат.
Нарын облусунда Бучук кенин казып жаткан кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасынын алтын ылгоочу заводу сыноо режиминде ишке берилди.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун негизинде Анарбек Бакаев атындагы академия ачылды.
Дагы жүктөңүз