Беларустар өлбөстүк дарысына каршы

"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.2011.

 
* * * * * * *
 
Өлбөстүктү камсыз кылчу мүрөк суу табылганда бүт дүйнө шаттанды.
Бир гана Беларустун эли бир добуштан кыйкырды: «Жо-о-ок!»
 
* * * * * * *
 
 
Беларустун экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында президент Лукашенканын кызматтык автомашинасынын алдыңкы терезесин жагымдуу кызгылт түстө бойоп коюу тууралуу чечим кабыл алынды.
 
* * * * * * *
 
Армян радиосунан сурашыптыр:
- «Эмне үчүн Беларуста шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык жыйындарын өткөрүүгө тыюу салынган?»
- Беларус – бул демократиялык жумурият. Шайлоо – купуя шартта өтөт. Демек, нааразылык чаралары да купуя шартта өткөрүлүшү абзел.
 
* * * * * * *