Жаңылыктар | 02.11.2025 | Кадр саясаты: Саламаттык сактоо тармагына чекист барды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров шайлоо бүтөрү менен бир катар кадрларды алмаштырды. Анын 1-декабардагы жарлыгына ылайык, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынын алынып, анын милдетин аткаруу буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жететеп келген Каныбек Досмамбетовго жүктөлдү. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды, анын ордуна болсо буга чейинки кеңешчиси Арслан Койчуев келди. Ошондой эле Оштогу жана Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты.