Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) ыктымал добуш сатып алуу жөнүндө интернетте тараган видеого байланыштуу текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы 2-декабрда маалымдады.
1-декабрда Facebook социалдык тармагындагы Azia Kyrgyzstan аттуу аккаунт №5249 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу аракеттери тууралуу 28 секунддук видео жарыялаган. Видеодо белгилүү суммада акча берүү жолу менен добуш алуу аракети жасалып жатканы айтылган. Анда тартылган киши шайлоочулардын тизмесин жана акчаны тутамдап кармап турганын көрүүгө болот.
Бул факты Ош ОИИБге каттоого алынып, окуянын чоо-жайын тактоо жана текшерүү иштери жүрүүдө.
№5249 шайлоо тилкеси Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылында жайгашкан. Бул №8 шайлоо округуна кирет.
Ички иштер министрлиги 30-ноябрда парламент депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.
Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. (ErN)