Жапаров келерки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүү каралып жатканын айтты

Садыр Жапаров депутаттарды шайлоо учурунда. 30-ноябрь, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров келерки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүү пландалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал 1-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар менен жолуккан учурда билдирди.

Мамлекет башчы муну шайлоочулардын катышуусун көбөйтүү чарасы катары чечмеледи.

“Бул ирет биз аралыктан добуш берүүнү киргиздик. Мындан ары интернет аркылуу добуш берүүнү камсыз кылсак, ошондо шайлоочулардын катышуусу 40% эмес, 80%га чейин жетиши мүмкүн. Бул ыкманы президенттик шайлоого колдонууга жетишпей калабыз. Эмки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү ыкмасын киргизүүнү пландап жатабыз", – деди Садыр Жапаров.

Эл аралык байкоочулар менен жолугушуу "Ынтымак Ордодо" өттү.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. (ErN)