Orda.kz басылмасынын негиздөөчүсү Гүлнара Бажкенованын батири менен кеңсесинде тинтүү жүрдү

Гүлнара Бажкенова

Orda.kz басылмасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Гүлнара Бажкенованын Алматыдагы батиринде жана редакциянын кеңсесинде тинтүү жүрүп жатканын калаа полициясынын департаменти «Азаттык Азиянын» кабарчысына бышыктады.

Департаменттин басма сөз кызматы кабарлагандай, «жалган маалыматты атайын таратуу фактысы» боюнча кылмыш иш козголду, доо арыз жазгандардын жүйөсү текшерилип жатат.

«Натыйжада 2024-жылкы материалдардын биринде тартип коргоо органдарынын кызматкери пара алып аткан жеринен кармалды деген чындыкка коошпогон маалымат жарыяланганы аныкталды», - деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттер Бажкенова жана сайттын кызматкерлери менен байланыша алган жок. Басылманын адвокаты Мурат Адам журналисттердин чөнтөк телефондорун алып коюшканын, өздөрү кеңседе кармалып жатканын айтты.

Адвокат доо арызды көрө электигин, доомат тууралуу эч нерсе айта албасын кошумчалады.

Полиция Б. аттуу жарандын аракети сөз болгон кызматкердин «кесиптик ишмердиги тууралуу бурмаланган пикир калыптандырганын, анын аброюна доо кеткенин» белгиледи.

Полиция мүлк талашы тууралуу да жалган маалымат таратылганын маалымдады.

Бажкенова Казакстандагы жана дүйнөдөгү коомдук-саясий кырдаалды чагылдырган Orda.kz басылмасын 2020-жылы негиздеген.

Сентябрдын башында ресурс казак тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, ишкер Гажи Гажиев жана коопсуздук кызматынын жогорку кызматкерлери кармалганын жазганда бийлик аны төгүнгө чыгарган. Ошол айдын этегинде министр кызматынан алынып, президенттин жардамчысы болуп дайындалган.

Бажкенова куугунтукка кабылганын жана журналисттик ишмердигине тоскоолдук жаралганын бир нече жолу айткан. Июлда бийликке жакын таасирдүү адамдар басылманы көзөмөлгө алууга аракеттенгенин билдирген.

Дагы караңыз

Парламенттик шайлоо: Aлдыга чыккан талапкерлер Абакиров №26 округда 460 миң сомго байланышкан окуяны териштирүүнү талап кылдыЖогорку сот Асанов менен Бейшенбековго чыккан чечимди күчүндө калтырды