Вашингтон менен Каракастын ортосундагы мамилелер чыңалып турган чакта АКШ президенти Венесуэла жана анын тегерегиндеги аба мейкиндиги толугу менен жабылганын жар салды.
Дональд Трамп Truth Social соцтармагына ишембиде кечинде жазгандай, "бардык авиакомпаниялар, учкучтар, маңзат аткезчилери жана адам сатуучуларга" Венесуэла жана анын тегерегиндеги аба мейкиндиги толук жабылганы тууралуу эскертүү жасады.
Flightradar24 порталы билдиргендей, Венесуэланын аэропортторунда каттамдар токтотулган жок. Эреже боюнча, аба мейкиндиги жабылганын тийиштүү өлкөнүн бийликтери билдириши керек, адатта андай билдирүү аба мейкиндигине коркунуч келтирилгенде жасалат. Каракас азырынча Трамптын жазгандарына комментарий берген жок.
АКШ бийликтери Венесуэла өкмөтүн Америкага маңзат аткезчилигин уюштурууда деп айыптап келет. The Wall Street Journal АКШнын аскер жетекчилиги Венесуэлага сокку уруу мүмкүндүгүн караштырып жатканын кабарлаган.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро бардык айыптоолорду четке кагып, Кошмо Штаттар маңзат аткезчилигин шылтоолоп, өлкө жетекчилигин бийликтен кетирүүнү көздөп жатат деп билдирген.