Чет мамлекеттерде саат 10.00го карата 1,5 миңден ашык адам добуш берди

ТИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бишкек убактысы менен саат 10.00го карата мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо 10дон ашык мамлекетте 1559 адам добуш бергенин билдирди. Учурда шайлоо участкаларынын теңине жакыны ачылганын кабарлады.

"Бишкек убактысы менен саат 10:00гө карата Орусия, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистанда 40 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Эскерте кетсек, чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. Убакыттагы айырмадан улам, айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелерде өнөктүк кечирээк башталат. Акыркы болуп шайлоо процессин АКШнын Сан-Франциско шаарындагы шайлоо тилкеси жыйынтыктайт (Бишкек убактысы менен 1-декабрь, саат 10:00дө)",-деп жазылган маалыматта.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, бул жолку шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны колдонулуп жатат. Бул система аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Дагы караңыз

AFP: АКШ менен Украинанын өкүлдөрү 30-ноябрда Флоридада жолугатЭнергетика министрлиги: шайлоо күнү 380ден ашык нөөмөт тобу уюштурулду