Борбордук шайлоого комиссиясы (БШК) шайлоо күнүндө, 30-ноябрда добушканаларга барууга мүмкүнчүлүгү жок 9318 адам добуш бергенин билдирди. Жалпысынан 1332 шайлоо комиссиясынан 10 329 адамдан арыз түшкөнүн маалымдады.
"Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен, курагына карап 3 323, майыптыгы боюнча 1 933 арыз, саламаттыгына байланыштуу 3 591 жана айрым категориялардагы шайлоочулардан 517 арыз түшкөн. Мыйзамга ылайык, жайдан тышкары добуш берүү ден-соолугунан улам же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат",-деп жазылган маалыматта.
30-ноябрда Кыргызстанда саат 08:00дөн тарта шайлоо тилкелери ачылып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 шайлоо тилкеси ачылды.
Шайлоо участкаларына келе албаган тогуз миңден ашык адам добуш берди
Кыргызстанда 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо башталды.