Орусия президенти Владимир Путин 27-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапары жыйынтыкталар алдында журналисттерге маалымат жыйын куруп, орус-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги тууралуу үн катты.
Орус лидери буга Казакстандан жүк ташуучу унаалардын тиешелүү документи жок эле орус чек арасына өтүп жүргөнү себеп болгонун түшүндүрдү.
“Мындай учурда бажы органдары текшерүүгө укуктуу жана алар тандалма негизде унааларды текшерип көргөн. Ошондо казак-орус чек арасынан такыр документи жок бир топ унаа өтүп жатканы аныкталды. Ооба, бизде орток базар, эркин товар жана капитал жүгүртүү болушу керек. Бирок жүк ташыгандардын мамлекеттер биргелешип аныктаган бир катар документи болушу керек. Алар көп эмес, бирок болушу керек”, - деди Путин.
Мунун айынан Орусия миллиарддаган, он миллиарддаган рублден кол жууп жатканын кошумчалаган орус президенти ошондой эле бул маселени Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен талкуулап макулдашканын, эми кезекте турган унаалар өткөрүлө баштай турганын тактады.
Эки мамлекеттин бажы органдары макулдашты жана ага ылайык жүктүн акыркы кабыл алуучусу, жалпы наркы көрсөтүлүшү керек.
Путин узун кезек жыл соңуна чейин жоюларын жана келерки жылдан тартып Орусиянын бажы органдары жүк ташуучулардан белгиленген бардык документтерди талап кыла баштай турганын айтты.
Сентябрдын башынан тартып Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин кабарлашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарды.
Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүгү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бирок бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңден ашары маалымдалат.