АКШ адегенде Украина менен тынчтык келишимине жетишип, андан кийин гана Киев үчүн коопсуздук кепилдиктерин талкуулоону көздөп жатат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Батыштагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүүдө айтканын Politico өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, дал ушул шарт Вашингтондун Украинага берген сунуштарынын өзөгүн түзөт. 25-ноябрдагы телефон сүйлөшүүсүндө Рубио президент Дональд Трамп тынчтык келишиминен кийин Украинанын өзүн “коопсуз сезиши” үчүн узак мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерин талкуулай турганын билдирген.
Ошол эле маалда дагы бир европалык дипломаттын айтымында, Рубио коопсуздук кепилдиктери Трамптын администрациясынын негизги багыты бойдон каларын жана бул маселе талкууланып жатканын белгилеген.
Politico Рубио тынчтык келишиминен кийин чечилиши керек болгон башка маселелерди да атаганын жазды. Бул Украинанын аймактык бүтүндүгү, Европада жана АКШда камакка алынган орусиялык активдерге байланыштуу.
АКШнын Мамлекеттик департаменти басылмага коопсуздук кепилдиктерин “тынчтык келишиминин ажырагыс бөлүгү” катары атады.
Трамп сунуштаган "тынчтык планынын" чоо-жайы расмий жарыяланган эмес. "Анын айрым пункттары" делген маалыматты журналисттер жазып чыккан. Жарыяланган текстке караганда, жаңы план Москванын Украина "Донецк, Луганск, Крымдан баш тартуусу керек" деген талаптарын камтыйт.
Ошондой эле Украина НАТОго кирүүдөн баш тартууга жана Батыштын аскерин өз аймагына жайгаштырбоого тийиш. (AiA)