Кыргызстанда ВИЧ жуккандардын көбү 20-39 жаштагы адамдар

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрына карата 15 миң 183 адамдан иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору алардын 60% ашыгы 20–39 жаштагы социалдык жактан активдүү адамдар экенин билдирди. Көбү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары. Негизги жугуу жолу — жыныстык жол болууда.

“Кыргызстанда ВИЧтин кеч аныкталышы дагы деле байкалууда, бул дарылоо үчүн баалуу убакытты жоготууга алып келет. Бирок бүгүнкү күндө тестирлөө ар бир адам үчүн жеткиликтүү: тез, купуя жана белгилүү категориядагы адамдар үчүн акысыз”, - деп билдирди мекемеден.

ВИЧ үч жол менен жугат:

-корголбогон жыныстык катнашта;

-кан аркылуу (ийне сайылганда);

-энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кош бойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

Калктын бул дарт тууралуу кеңири маалыматы болгонуна карабастан адистер коомдо ВИЧ инфекциясын жуктургандарды басмырлоо дагы эле бар экенин белгилешет. (BTo)

Дагы караңыз

Путиндин Бишкек сапарында сегиз документке кол коюлдуИталияда фемицидге айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылатОрус армиясынын чабуулунан Запорожьеде 20дай киши жабыркадыШайлоо-2025: Бир талапкердин кызы менен жээнине издөө жарыяланды"Азаттыктын" материалынан кийин Бишкектеги чет элдик мигранттарга айлыгы берилдиАйсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган судьялар кармалды ЭлТРдин иликтөөсүндө мурдагы салыкчы Абдуваповдун "коррупциялык ишине аялы да аралашканы" айтылды