Украин лидери Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен болушунча тезирээк жолугушуп, ал сунуштаган тынчтык планына кол коюуга даяр экенин Axios медиасына курган маегинде украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак билдирди .
Ермактын айтымында, жолугушуу 27-ноябрда, АКШда Ыраазычылык билдирүү күнү белгиленип жатканда өтүшү мүмкүн.
Белгилүү болгондой, Трамп Ак үйдүн Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу сунуштаган планы боюнча украин лидеринин жообун угууга 27-ноябрга чейин убакыт берген болчу.
АКШнын планы Украинанын кызыкчылыктарына дал келерин айткан Ермак Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүсүндөгү талкуулана турган башкы маселе - айрым аймактардын кимге таандык болушу керектиги жөнүндө.
Вашингтон украиндер менен сүйлөшүүдө "кылдаттыкты талап кылган айрым деталдар" бар экенин билдирүүдө.
Трамп өзү Орусия менен Украина мунасага жакындап калышканын айтты.
"Макулдашууга абдан жакындап калдык деп ойлойм. Көрөбүз го. Бул жаңжалга тезирээк чекит коюлат деген ойдомун", — деди Трамп.
Европа өлкөлөрү Украина боюнча АКШ сунуштаган тынчтык планына карама-каршы өз долбоорун даярдашкан. Эки документте аймактарды таануу, Украинанын НАТОго кошулуусу, аскерлердин жана коопсуздук кепилдиктери сыяктуу бир катар пункттар боюнча олуттуу айырмачылыктар бар экени маалымдалган.
Бирок Украинанын европалык өнөктөштөрүнүн талкуусуна активдүү катышкан Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин соңку билдирүүсүнө караганда, Зеленский аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен видео аркылуу сүйлөштү жана Трамптын планындагы пункттардын көпчүлүгүнө макул болгонун билдирди.
Парламентте сүйлөп жатып Стармер Украинанын европалык союздаштары өзүнчө план түзбөй турганын, АКШнын планына кошумча-алымча киргизүү менен алек болууну чечкенин айтты.
"Азыркы текст боюнча эле иштей беришибиз керек деген так консенсус табылды. Мейли, анын айрым бөлүмдөрү кабыл алынгыс болсун, бирок башка бөлүмдөрү өтө маанилүү болууда. Биз пландын башка эмес, ушул тексти боюнча иштейбиз", — деди Стармер.