АКШ армиясынын министри Дэн Дрисколл Бириккен Араб Эмирлигинде орусиялык расмий өкүлдөр менен жолукканы кабарланды. Бул тууралуу CBS News америкалык дипломаттарга, Financial Times кырдаалдан кабары бар ички булактарына таянып жазды.
“Дрисколл орусиялык делегациянын мүчөлөрү менен 24-ноябрдын кечинде Абу-Дабиде жолугуп, бир нече саат сүйлөштү. Ал 25-ноябрда дагы жолугушуу пландап жатат. Анын максаты тынчтык процессин талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү”, - деп билдирди CBS News телеканалына америкалык расмий өкүл.
Financial Times басылмасы жарыялаган макалада Дрисколл акыркы күндөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө “абдан активдүү” катышып жатканы айтылат.
Басылманын маалыматына караганда, Дрисколл “Украинада эмне болуп жатканын билет” жана Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин анын орусиялык өкүлдөр менен жолугушуусун Киев да билген.
Жолугушуу дүйшөмбү күнү Абу-Даби шаарында өткөнүн Reuters да жазды.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "жолугушуу тууралуу кабары жоктугун" айтты.
Абу-Дабидеги сүйлөшүү Женевада Украина менен АКШнын делегациялары жолуккандан бир күн өткөндөн кийин болду.
Ак үй Киев менен Женевадагы сүйлөшүүлөр Украинадагы согушту токтотууга багытталган “олуттуу жылышка” алып келгенин жана “жаңыланган ” тынчтык планын иштеп чыгууга көмөктөшкөнүн билдирди. Вашингтондун айтымында, документ Украинанын суверендүүлүгүн толук коргоп, адилеттүү тынчтыкты камсыздайт.
23-ноябрда жарыяланган билдирүүдө АКШ тынчтык планын түзүүдө кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин тактаган жок. Вашингтон жана Киев Европа өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта болууга макул болушканы да белгиленди.
Трамп 22-ноябрда бул планга дагы оңдоо-түзөө болорун четке каккан эмес. (AiA)