Мигранттардын балдарынын 19% гана Орусиядагы мектептерге кабыл алынган. Бул тууралуу Рособрнадзордун башчысы Анзор Музаев билдирди. Анын белгилешинче, орус тилин жакшы билбегендик жана документтердеги катачылыктар негизги тоскоолдук болгон.
"Документтерди тапшыруу жана орус тили боюнча экзаменден өтүү талаптары коюлгандан кийин балдардын 19% гана мектепке кире алды", — дейт ал.
Музаевдин айтымында, 80% ашуун бала коюлган шарттарды аткара алган эмес.
Орусияда 2025-жылдын 1-апрелинен тартып мигрант балдары мектепке кирүү үчүн орус тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырууга тийиш.
Сентябрдагы маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандардын балдарынын басымдуу бөлүгү тил сынагынан өтө алган эмес. Беш ай ичинде 23,6 миң арыз берилген. Экзаменге алардын сегиз миңден ашыгы гана киргизилип, жарымына жакыны тапшырмаларды аткара алган эмес.