Орусиялык журналист Ника Новакка АКШнын сөз эркиндиги сыйлыгы берилди

Ника Новак

Орусиялык журналист Ника Новак Жон Обушондун басма сөз эркиндиги сыйлыгын алды. Сыйлыкты АКШнын Улуттук пресс-клубу 1991-жылдан бери ыйгарып келатат. Басма сөз эркиндиги үчүн сыйлыгы АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттиги (USAGM) менен кызматташкан жана ар кайсыл өлкөдө абакта отурган жалпысынан тогуз журналистке ыйгарылды.

Орусияда “чет элдик уюм менен кызматташкан” деген айып менен төрт жылга эркинен ажыратылган журналист Ника Новак Иркутск облусундагы абакта оор шартта кармалууда. Ал "Свобода" радиосу менен эркин кабарчы катары кызматташкан.

Сыйлык алгандардын арасында Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын кызматкери Фарид Мехрализаде да бар. Аны быйыл июнь айында Азербайжандын соту 9 жылга абакка кескен. Мехрализаде аны радиого чыгарган экономикалык изилдөөлөр үчүн куугунтукташканын, жалган айып менен кылмыш иш козгошконун буга чейинки соттордо айткан.

Улуттук пресс-клубдун директорлор кеңешинин айтымында, сыйлыктар дүйнө жүзү боюнча басма сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, бирок бул жолдо эркиндигинен айрылып калган журналисттердин ишине берилгендигин баалоо максатын көздөйт.

Клубдун президенти Майк Бальзамо "алардын түрмөдө отурушу Американын эркиндикке берилгендигине ишенген адамдардын ар биринин кыжырын келтириши керек. АКШ бул журналисттерди жана алардын идеалын көз жаздымда калтыра албайт", - деди.

Ошондой эле ал Ак үйдү, Конгрессти жаан Мамдепартаментти журналисттерди коргоого, аларды бошотууга аракет кылууга чакырды.

Жон Обушон сыйлыгын тапшыруу аземи 9-декабрда Вашингтондо өтөт.

Дагы караңыз

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде беш киши каза болдуИликтөө: Орусия БУУнун санкцияларына карабай Түндүк Кореяга мунай сатуудаReuters: АКШнын согушту токтотуу планы Украинанын аймактардан баш тартуусун камтыйт Орусия Украинага миң аскердин сөөгүн өткөрүп берди