Кыргызстанда бир аптада төртүнчү жолу жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 20-ноябрда саат 18:35те Кыргызстандын аймагында 3,5 баллды түзгөн жер титирөө катталды. Анын очогу Чүйдүн Сары-Булак айылынан түштүк-чыгышты карай 13 чакырым, Табылгы айылынан түштүк-батышты көздөй 19 чакырым, Казармандан 30 чакырым аралыкта Көк-Ирим тоолору тарапта болгон.

Сары-Булак, Табылгы, Көл айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түздү.

Ушуну менен бул аптада төртүнчү жолу жер силкинди.

18-ноябрда саат 05:56да Нарын облусунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн күчү Орто-Саз айылында 4 балл, Нарын шаарында 3,5 балл, Жан-Булак айылында 3 баллга сезилген.

19-ноябрда Нарындын Ат-Башы тарабында 4 баллга жеткен жер силкинип, Өзгөрүш, Талды-Суу, Большевик, Биринчи май айылдарында анын күчү 3,5 балл болгон.

Ушул эле күнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталып, Баткендин Ак-Суу айылында, Раззаков шаарында 2 балл болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган жок. (КЕ)

Дагы караңыз

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө кубогунда күмүш медал тагындыБишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушу башталды Ислам шериктештиги оюндары: балбандар Абдумалик, Мээрим, Айпери алтын тагындыЕвробиримдик Тажикстанды Орусияга каршы санкцияларды сактоого чакырды