Түркия түркмөн блогерди эл аралык коргоого алуудан баш тартканын тастыктады

Блогерлер Алишер Сахатов (солдо) жана Абдулла Орусов.

Ноябрдын башында Анкаранын соту түркмөнстандык блогер Алишер Сахатовго эл аралык коргоо берүүдөн Түркиянын баш тартуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 19-ноябрда Хельсинки адам укуктары фонду маалымдады.

"Түркия качкын макамын Европадан келген адамдарга гана берет, Европадан тышкары өлкөлөрдөн келгендерге “качкындыкка талапкер” макамы берилет", - деп айтылат соттун чечиминде.

Фонддун маалыматына караганда, Түркмөнстандагы олуттуу адам укуктарынын бузулушу тууралуу далилдерге карабай сот Сахатовдун өмүрүнө коркунуч бар деген тыянак чыгарган эмес.

Сахатовдун жубайы Гюллале Хасанова сот чечимине нааразылыгын билдирди.

"24-июлда Эдирне шаарындагы депортация борборунан чыккан мүнөттөн тартып Алишер тууралуу эч кандай маалымат жок. Бул өзү эле коркунуч, ырайымсыз мамиле эмеспи? Биз Түркиянын Конституциялык сотуна кайрылабыз", - деди ал.

Сахатов быйыл 28-апрелде Синоп шаарында кармалып, Анкарадагы депортациялык борборго жөнөтүлгөн.

Алишер Сахатов Erkin Garaýyş ("Эркин көз караш") деген Ютуб канал ачып, Түркиядагы мекендештеринин көйгөйлөрүн чагылдырып, түркмөн бийлигин сындап жүрчү. Ал Түркияга 2018-жылы аялы, балдары менен барган.

Түркмөн бийлиги акыркы жылдары чет өлкөдөгү жарандарына көзөмөлдү жана кысымды күчөткөн. Түркия жана Орусияда жашаган айрым оппозиция өкүлдөрү Ашхабаддын талабы менен экстрадицияланып, мекенине кайтарылгандан кийин дайынсыз жоголгон учурлар катталган.

2023-жылдан бери Түркия менен Орусия түркмөн өкмөтүн сындаган бир катар жарандарды жашыруун депортациялаганы кабарланган. (AiA)

Дагы караңыз

Жогорку сот талапкерлердин кыргыз тилинен тесттен өтүшү тууралуу БШКга каршы арызды четке кактыСабиров быйыл жарым жылда 21,7% көп инвестиция тартылганын билдирди"Асман" шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлдүКыргызстандын Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыгы талкууланды