Ташкентте Борбор Азия лидерлеринин жыйыны өтүп, беш документке кол коюлду

16-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу өттү. Саммиттин жыйынтыгында беш документке кол коюлду:

  • Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
  • Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;
  • Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;
  • Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;
  • 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.


Анын алдында өткөн жыйында Садыр Жапаров жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан доордо өлкөлөрдүн бири-бирине ишеним жана биримдигин сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи.

Президент келтирген маалыматка ылайык, Кыргызстанга былтыр Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген инвестиция 15% өсүп, 135 млн. долларды түзгөн. Кыргызстандын аймактагы өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 28% көбөйгөн.

Жапаров аймактагы интеграцияны өркүндөтүү үчүн бир катар шарттарга токтолду.

“Биринчиси – өз ара соодадагы тоскоолдуктарды активдүү жоюу, стандарттарды жана техникалык регламенттерди шайкеш келтирүү. Экинчиси – чийки зат моделинен алыстап, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана жаңы индустриалдык кластерлерди түзүү менен конкреттүү биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүү. Үчүнчүсү – санариптештирүүнү, электрондук коммерциядан баштап маалымат алмашуу жана киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн транс чек аралык платформаларды түзүүгө чейин өсүштүн катализатору катары колдонуу”, - деди Жапаров.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Дагы караңыз

Министр Кулубаев кытай жарандары катышкан жаңжал боюнча маалымат бердиУкраина Орусиянын 130дан ашуун дронун атып түшүргөнүн билдирди ТИМ кытайлык жарандар виза талаптарын сактоого милдеттүү экенин маалымдады Орунбеков кытай жана кыргыз жарандары аралашкан мушташка укуктук баа берилерин айтты