Кудайберген Базарбаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болду

Кудайберген Базарбаев.

Президент Садыр Жапаров Кудайберген Базарбаевди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кылып дайындады. Ал мындай жарлыкка 14-ноябрда кол койду.

Базарбаев ага чейин 2023-жылдын сентябрынан тартып Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеп келген. Ал бул кызматка эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулгандан кийин дайындалган.

Кыргызстандын Казакстандагы буга чейинки элчиси Дастан Дүйшекеев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулду.

Дагы караңыз

Президент Бишкек жана Ош мэрлери "бөрк ал десе баш алып” жатканын айттыЖапаров ушул күнгө чейин майнинг компанияларынан 22 млн сом салык түшкөнүн билдирдиСаакашвили Зеленскийге кайрылып, аны "аскер туткуну" катары айырбаштап алууну өтүндү