Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн балык уулаган 106 миң метр тор чыгарылды

Ысык-Көл облустук милициясы жарыялаган сүрөт. Архив.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көлдөн 2025-жылдын башынан 9-ноябрга чейин 106 миң 700 метр тор чыгарылып, тазаланганын билдирди.

Акыркы жылдары Ысык-Көлдү таштандыдан, мыйзамсыз балык кармоо үчүн салынган торлордон тазалоо иштери жүрүп жатат.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ НАТОдогу өнөктөштөрү менен Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтоткону кабарланды Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт өнөктүгү башталдыСадыр Жапаров өлкөдө төңкөрүшкө жол берилбей турганын айттыОрусияда атомдук реактордун куруучулары иш таштады Орусиянын соккусунан улам Харьков метросу эки күндөн бери иштебей турат