Бишкек: Мэрия менен тургундардын жер талашы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин батыш тарабындагы Дэн Сяопин көчөсүндө бир нече дүкөн, машина оңдоочу жай жана кеңселер алынганы жатат. Алардын ээлери жакында шаар бийлигинен күтүүсүз кат алганын, анда жер тилкелерин 5 күндүн ичинде бошотуу талабы коюлганын айтышты. Мэрия бул райондо жашылдандыруу иштерине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын билдирген.