Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Бишкекте расмий катталган 150 сауна бар. Катталбай иштегени бери дегенде мындан эки эсе көп экени айтылат. Кыргызстандын мыйзамдары сауна ишмердигине эч кандай тыюу салбайт. Милиция аталган жайлардын үстүнөн арыз түшкөндө гана текшерүү иштерин жүргүзө алат.
ИИМдин маалыматында сауналардын 30 пайызы гана мончо катары иштейт, калган 70 пайызы интим кызматынын ар кандай түрлөрүн сунуштайт. Сауна "терисин" жамынып алып кыздардын денесин соодалаган жайларды ашкерелөө оңойго турбайт. Анткени аталган жайларга көмүскөдө чоң-чоң аткаминерлер ээлик кылат. Арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, милициянын лөктөрү жана эски чиновниктер да бар.
Адеп-ахлак полициясы жакында эле КСДП фракциясынын депутаты Турсунтай Салимовго таандык делген “Прадо” эс алуу жайындагы сойкукананын бетин ачып, администраторлорго кылмыш ишин козгогон. Коомчулукка “Мадина” базарынын ээси катары таанылган депутат Салимов “Прадо” эс алуу жайы жеке менчиги экенин танбайт, бирок ошол эле учурда ал жайдагы сойкуканага тиешеси жок экенин айтып келет.
Оштогу интим кызматын көрсөткөн мейманкана, сауналардын кожоюндары тууралуу эл ичинде түрдүү кептер айтылып келет. Айтылган сөздөрдүн чын-бышыгына жетүү үчүн жашыруун камеранын коштоосунда айтылуу сауналарды түрө кыдырдык.
Өлкөдө сойкулукту кадыресе кесип кылган 3500дөн ашык кыз-келин бар. Булар милициянын тизмесине илингендери гана, каттоого алынбаганы мындан алда канча көп. Сауналарда, мейманканаларда интим кызматын көрсөткөндөрдүн көбү 18-25 жаштагы кыз-келиндер. Алардын катарында 16дагы секелектер, 50 жаштагы энелер да бар.
-
Уланбек Эгизбаев
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.
2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
-
Улан Асаналиев
"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
-
Жанарбек Жолдошбаев
"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).