Эксперттер алардын 300дөн ашырагы гана иштейт деп айтып келе жатышат. Аймактардагы кабарчыларыбыз иштеп жаткан маалымат каражаттарынын жер-жерлердеги ишмердиги, таасири, барк-баасы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу радиобаяндарды сунуш кылат.
Ош облусу жалпыга маалымдоо каражаттары эң көп чогулган аймак болуп саналат. Алардын көпчүлүгү мамлекеттен көз карандысыз. Бирок аларда сөз эркиндиги барбы? Аймактагы маалымат каражаты катары райондордогу элдин көйгөйүн жетиштүү чагылдырганга дарамети жетип атабы? Бул суроолорго аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков жооп издеген.
Нарында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине канааттанбагандар аларды эл ичинде кадыры түшүп жатат деп сындап жүрүшөт. Себеби эмнеде? Дегеле альтернативдүү, кызыктуу каналдардын болушуна эмне тоскоол болуп жатат? Аймактан кабарчыбыз Мирлан Кадыров сураштырып көрдү.
Таласта көз карандысыз маалымат каражаты катары түптөлүп, атайын долбоорлордун негизинде иш алып баргандардын айрымдары каражаттын тартыштыгынан жабылып калып жатат. Кыска мөөнөттүү долбоорлорго таянып иштеп жаткан маалымат каражаттарынын аракеттеринин, келечегинин күңгөй-тескейи тууралуу Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева кеп кылат.
Жалал-Абаддын алыскы район-шаарларындагы жергиликтүү гезиттерде учурда пенсия жашындагы журналисттер эмгектенишет. Айлык маянанын аздыгы биринчи себеп болсо, экинчиден жаштар заман агымына жараша жаңы технология менен иштөөнү эп көрүшөт. Аймактардагы райондук гезиттердин иш ыргагы менен кабарчыбыз Руслан Калматов таанышып көрдү.
Элеттиктер маалыматка муктажбы? Көп түрдүү маалымат каржаттарынын кайсынысынан көбүрөөк пайдаланышат жана ишеним артышат? Ушул жана башка суроолор менен Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров жергиликтүү тургундарга кайрылып көрдү.
Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын барк-баасы, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү, азыркы журналистикадагы жаңы тенденциялар тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаеванын суроолоруна жооп берди.
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Бактыгүл Чыныбаева
“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.