Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

"Айылга келип сабак бериңиз". Байсаловдун сөзү мугалимдерди ыза кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун учурдагы мугалимдердин 15-20 пайызын жумуштан кетирүү зарылдыгы тууралуу маеги коомчулукта талаш-талкуу жаратты. Өкмөт өкүлүнүн мындай билдирүүсүн сындап, жер-жерлерде мугалим тартыш экенин айткандар чыгууда. Агартуу тармагындагы эксперттер азыр иштеп жаткан мугалимдерди колдоп, шыктандыруу зарылдыгын белгилешүүдө.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов "Номад" телеканалына курган маегинде өлкөдөгү билим берүү боюнча суроого жооп берип, азыр мектептер терең кризисте экенин, мугалимдер өзгөрүшү керектигин айтты.

Ал “алсыз звено” делген 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды жумуштан кетирүү тууралуу министр Догдургүл Кендирбаева менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Мугалимдерди көчөдөгү эл арасынан тандоону, ошол эле мурдагы журналисттерди, жакшы айлыкка 50-60 миң сомго чакырса келерин белгиледи.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Мен министр Кендирбаева менен кечээ жолугуп сүйлөштүм, мейли аттестация кылабы, баа коебу, эң алсыз звено катары 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды кетиргиле деп айттым. Ооба, мугалимдер жетишпей жатат, бирок биз көчөдөн эл арасынан тандап, ошол эле мурдагы журналисттерди, эң жакшы айлыкка чакырабыз. 50-60 миң сомго келишет алар. Ал эми жакшы мугалим миңдеген адамдарга канат байлап, миңдеген адамдын жашоосун өзгөртөт. Жаман мугалим жакшы окуучунун да канатын кыркып, сындырып, бузуп салат. Ошондуктан биз жаман болуп калган түбүнөн арылып, жаңы адамдарды кабыл алуубуз керек. Ал сөзсүз эле мугалим болушу керек эмес. Мисалы, сиз экөөбүздүн педагогикалык билимибиз бар, бирок мугалим эмеспиз да. Бирок эки апта, сырттан окуган жарым жылдык курстарды алып, эң мыкты мугалим чыга турганына ишенем. Ал эми ашыкчаларды кетириш керек" , - деп айтты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Өкмөттүн социалдык блокту караган өкүлү Эдил Байсалов билим берүү тармагында жасалып жаткан реформалар, 12 жылдык окуу тууралуу сөз кылып, "800 дөн ашык мектеп куруп салышты айыл жергесинде, анын баары бош. Биздин мектептер эчтекеге жарабайт. Бул ачуу чындык.", - деди. Мыкты деген мектептер дагы кризисте экенин, окуу программалары, методология философиясы, мугалимдер өзгөрүшү керектигин айтты.

Байсаловдун айткандары коомчулукта талаш-талкуу жаратып, түрдүү пикирлерге жем таштады.

Агартуучу Асылбек Жооданбеков Байсаловдун айтканы мугалимдерге орой тийгенин белгилеп, билим берүү тармагын өнүктүрүү чукул чечимдер менен эмес, системалуу жана илимий жактан талданып, ошого негизделген аракеттердин негизинде жасалышы керек деп эсептейт.

Ал учурдагы айлык менен мыкты мугалимдерди тартуу кыйын экенин, оболу аларга шарт түзүү зарылдыгын белгилөөдө.

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

"Эдил Байсалов өз сөзүндө кызуу кандуулук менен "мугалимдерди айдашыбыз керек" дегени албетте мугалимдерге орой тийди. Билим берүүдө эле эмес көп эле тармакта Паретонун 80/20 деген мыйзамындай, мыктылары дагы, кыпчылып жүргөндөрү дагы болот. Мугалимдер арасында издегендер дагы көп, айлыктын аздыгынан бул ишти тепкич катары көргөндөр дагы болушу ыктымал. Бирок мамлекет жемелебестен, мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоонун натыйжалоо механизмин иштеп чыгышы керек. Мисалы студенттер чет өлкөгө тапшыруу үчүн IELTS, TOEFL же SAT тапшырышат. Жемелебейт, кааласаң тапшыр деп коёт. Бизде деле бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайда окуп кете ала тургандыгын аныктай турган ЖРТ бар. Мисалы Түркияда педогогикалык факультетти бүткөндөн кийин мугалимдик сынактар өтөт. Ушул сыяктуу мугалимдин квалификациясын көрсөткөн көрсөткүч болуш керек. Иштеп жаткандардын иши балдардын билим текшерүү, алардын жыйынтыгы, сынактар аркылуу аныктаса болот. Ошондуктан так критерийди иштеп чыгышы керек".

"Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагынын 2025-жылдагы жеңүүчү Элзат Асанова мамлекеттин колдоосу болуп, шарт түзүлмөйүнчө мыкты кадрларды кармап калуу бул тармакта кыйын экенин ырастоодо.

Элзат Ысык-Көл облусундагы К.Үмөталиев атындагы №22 жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Ал мугалимдерди колдоонун бир нече жолун сунуштады:

Элзат Асанова.
Элзат Асанова.

"Мугалимдер айлыкка карап иштебеш керек, өз кесибин сүйүш керек деген күндө деле азыркы учурда бизге деле жогорку маяна керек. Анткени мыкты мугалимдер, өзгөчө агайлар ишти таштап кетүүгө мажбур болуп жатышат. Анткени үй-бүлөсүн мугалимдин айлыгы менен багуу мүмкүн эмес болуп жатат. Айлыкты көтөрүш керек. Андан сырткары айлыкты баарына бирдей төлөбөй, балким жакшы иштегендерге сый акы, наам, даража берип шыктандырып, кызыктырып турбаса болбойт. Чыгармачыл, мыкты мугалимдер болот. Ошонун арасында келди, кеттилер дагы бар. Экөөнө тең бирдей эле айлык төлөнүп жатса мугалим бааланбаганын көрөт дагы, өчүп башташы мүмкүн. Мындан сырткары өнүккөн, билим берүү тармагында ийгилик жараткан өлкөлөргө тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болмок. Кабинеттеги жабдуулар менен камсыз болсок, азыр интерактивдүү доскалар, лабораториялык иштерди жүргүзүүгө каражаттар жетишпейт. Мындан сырткары мектеп ичиндеги стрессти азайтып, колдоо көрсөтүүчү маданиятты, гумандуу педогогиканы түзүү керек. Ар бир мугалим мээримге муктаж. Мугалим психологиялык жактан мыкты болсо, өзү эс алган болсо, өзү дагы мээрим көрсө ал окуучуга кайтып барат".

Кыргызстандагы алгачкы эксперименталдык гимназияны түптөгөн, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов оболу окуу жайларда мугалимдерди даярдоонун сапатын күчөтүүгө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле учурда иштеп жаткан мугалимдердин педогогикалык чеберчилигин, окутуу жөндөмүн арттыруу зарыл деп эсептейт.

Гапыр Мадаминов.
Гапыр Мадаминов.

"Мугалимдердин чеберчилигин, кесипкөйлүгүн арттыруу багытында алардын сабактарына катышып, алардын көңүлүн калтырбастан, жиктебей артыкчылыгын белгилеп, ошол эле учурда мастер-класстарды өткөрүп системалуу иштеш керек. Ушул чоң маселе. Мен муну теоретик эмес, ушул иштерди уюштуруп жүргөн педогогикалык стажы бар адам катары айтып жатам. Муну ар бир мектепке киргизүү зарыл. Ал эми педогогдорду даярдаган жогорку окуу жайларда сабактардын өтүлүшүн, практикалык жагына маани берүү, өзгөчө методика менен психология сабагын күчөтүү зарыл. Студенттер магистратурага өткөндө реалдуу сабактарга катышуусуна жетишүү керек. Ушул жерде чоң көйгөй болууда. Алардын онлайн, офлайн катышуусунун сапатын тыкыр көзөмөлдөп, талапьты күчөтүү керек. Мындан сырткары окуу жайларга баллы төмөн балдардын өтүп калышын дагы көзөмөлдөп, маани бериш керек. Азыр баары менен иштейличи, ЖОЖдогу студенттерди сапаттуу даярдайлычы, сабактарга катышканын, илимий-методикалык жактан күчтүү даярдоого маани берели. Бул чоң маселе. Жакшы иштеп жаткан окуу жай, кафедра, декандар бар. Бирок окумуштуулар илимий кеңеште карап кескин өзгөртүү жөнүндө кайра деле чоң маселе көтөрүп чыгышы керек. Азырынча иштеп жаткан мугалимдерге дем-шык берип туралы".

Каракол шаарынан мугалим Адил Какенов социалдык тармак аркылуу Байсаловго нааразылыгын билдирип, аны аймакка келип сабак берүүгө чакырды.

Мугалимдин бул билдирүүсүнө Эдил Байсалов жооп берип, бул сөздү эл агартуучуларга жан тартканы үчүн айтканын белгиледи.


Байсаловдун айткандарына Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев сын айтып, "мындай үстүртөн, ашкере текебер билдирүүлөр эки тармактын тең абийирдүү адистерине карата сый-урматка каршы келет", - деп жазган.

Социалдык тармактарда Байсаловдун айткандарын кубаттап, өз сабагын толук түшүнбөгөн, чаласабат мугалимдерден арылуу керектигин жазгандар да болду.

Мындай талкуулардан кийин Эдил Байсалов Фейсбук аркылуу кайра жооп берип, ал "алсыз звено тууралуу" сөз болгонун жазды. Ал мугалимдерге талап күчөй турганын билдирди.

"Чынында эле, бизде учурда жарым-жартылай окуу жайлары бар 800дөн ашык мектеп бар. Ушул жаш үй-бүлөлөрдүн баары азыр топтолгон шаарларда алардын жакшы жашашын каалайбыз. Ашыкча мугалимдерге келсек, мен алсыз звенону айтып жатам. Кыргызстанда квалификациясы жок, профессионалдык стандарттарга жооп бербеген мугалимдердин катмары бар, алар жардам берип эле тим болбостон, иш жүзүндө балдарга зыян келтирип, алардын жашоосун бузуп коюшу мүмкүн. Эмне үчүн мен алардан кутулбашым керек? Дагы айта кетейин: мен мугалимдерге сыйынгандардан эмесмин. Мугалимдер өзүн-өзү өнүктүрүүгө киришип, заман талабына жооп бериши үчүн бул талаптарды күчөтөбүз", - деген өкмөт өкүлү.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат. Аймактарды албаганда Бишкектеги мектептерге 500гө жакын мугалим жетишпейт. Агартуу министрлигинин маалыматында физика, математика, химия предметтеринен сабак берген мугалимдер жетишсиз.

Кыргызстанда 94 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Алардын 60 миңдейи айыл жергесинде, 33 миңден ашууну шаарларда иштейт. Учурда мугалимдин орточо айлыгы 22-25 миң сом. Өкмөт 2026-жылы 1-апрелден тарта орточо айлыкты 40 миң сомго чейин жеткирүүнү көздөөдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG