Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

36 миңдей киши сасык тумоого кабылып, 55 бала бакча карантинге жабылды


Бишкектеги ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий маалыматка караганда, 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында 36 миңдей кишиден курч респиратордук вирустук инфекцияларга (ОРВИ) жана сасык тумоо аныкталды.

Бул тууралуу Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева 2-декабрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бул мурдагы аптадагы көрсөткүчкө караганда эки эсе көп.

Ооруга кабылгандардын 70% 14 жашка чейинки балдар.

Динара Оторбаева Бишкек шаарында сасык тумоого көбүрөөк учураган 25 бала бакча, Чүй облусунда 30 бала бакча карантинге жабылганын маалымдады. Ошто беш мектеп онлайн окууга, алты мектеп аралыктан окууга өттү. Баткенде болсо айрым билим берүү мекемелеринин кээ бир класстары онлайн окууга өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы билим берүү мекемелеринде мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Адатта аба ырайы өзгөрүп, күн сууктаганы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөйт.

Эпидемиологдор өлкөдө сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү же Гонконг тумоосу (H3N2) каттала баштаганын, 16 кишиден вирустун ушул түрү расмий аныкталганын мурдараак билдиришкен. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG