Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Орусия Покровск шаарын алганын жарыялады. Киев ырастаган жок


Украинанын аскерлери Покровск шаары үчүн салгылашууда. Ноябрь, 2025-жыл
Украинанын аскерлери Покровск шаары үчүн салгылашууда. Ноябрь, 2025-жыл

мазмуну

  • Украинанын куралдуу күчтөрү Покровск шаарынын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп жатканын айтуууда. Анын алдында Орусиянын командачылыгы президент Владимир Путинге калааны алышканы тууралуу отчет берген.
  • Согуш шартында тараптардын ырастоолорун ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Логистикалык жактан маанилүү калаа үчүн айыгышкан салгылаштар бир нече айдан бери жүрүп жатат. Катардагы украиналыктар каршы тарап Покровскини алганынан күмөн санаганы менен, эгер ал чын болсо жагдай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир этерин белгилешет.

Орус армиясынын Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов Путин менен жолугушууда аскерлер Донецкидеги Покровск жана Харьковдогу Волчанск шаарларын алганын кайталады.

Украиналык аскерлер жана талдоочулар бул маалыматты бышыктаган жок. Белгилей кетсек, Орусия Покровскини советтик мезгилдегидей Красноармейск деп атайт.

Герасимовдун жаңы доклады жана Путиндин жекшембиде армиянын командачылыгы жайгашкан штабга барып кеткенин 1-декабрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарчыларга айтып берди.

Орусиялык «Интерфакс» агенттиги маалымдагандай, президент жоокерлерге ыраазычылыгын айтты:

"Бул маанилүү багыт. Баарыбыз канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Анын жардамы менен атайын аскердик операция башталганда коюлган максаттарга жетүүнү камсыздаса болот".

Москва кошуна өлкөсүнө каршы жок жерден ачкан согушту дал ушунтип "атайын аскердик операция" деп атап жүрөт.

Талдоочулар белгилегендей, украиналык DeepState жана финлияндиялык Black Bird Group долбоорлору жарыялаган карталардан орус армиясы эки калааны тең толугу менен ала электигин баамдаса болот.

DeepState ошол эле маалда орус аскерлери Покровскини жана айланасындагы конуштарды көзөмөлгө алуу аракетин улантканын моюнга алды.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун баамында, орус аскерлери ноябрдын этегинде шаардын 46% көзөмөлдөп жатты.

Орусия кол салгандан кийин Покровск логистикалык борбордун ролун аткарып келди. Калаага майданга, чыгышка бет алган аскерлер менен батыш тарапта башпаанек издеген карапайым кишилер агылган. Бирок 2024-жылдын жай айларынан тарта орус армиясы чабуулдарын күчөткөнү күнүмдүк аткылоолордон шаар урандыларга айланып, дээрлик ээн калды.

Дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский Парижде француз лидери Эммануэл Макрон менен жолугушканда Покровскиде оор салгылашуулар жүрүп жатканын билдирген:

"Албетте, Орусия алдыга жылганы чын. Бир нече жерде чабуул коюп, операцияларын жүргүздү. Бирок бирөө да ийгиликке алып келген жок. Покровскиде жана майдандын бир нече тилкесинде айыгышкан кармаштар уланууда. Мисалы аскерлерибиз Купянск багытында чоң ийгиликке жетишти. Орусия Купянскини алышканын айтканы менен, биз ал шаарды дээрлик тазаладык".

Киевдин катардагы тургундары орус армиясы Покровскини алганына анча ишенбегени менен, эгер ал чын болсо тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир этерин белгилешет.

"Чынын айтсам, орустар шаарды алган деп ойлобойм. Себеби Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалыматты тастыктаган жок, аны четке какты. Карама-каршы кабарлар чыгып жатат. Менимче, мындай маалыматтарды тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында таратышууда. Ошондуктан калп болуш керек", - деп эсептейт киевдик Ольга Пилипчук.

"Менимче, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир этпей койбойт. Анткени, чындап эле Покровскини алган болсо, Орусия Украинага кысым көрсөтүүнү улантып, улам бир жерибизди ээлеп ала берет", - деген оюн айтты Рейтердин кабарчысына Микола Солтик.

2-декабрда АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвада Путин менен жолугушканда Ак үйдүн тынчтык планын талкууламакчы.

Орусия курамына Луганск жана Донецк облустары кирген Донбасс аймагын толугу менена алууну көздөйт. Украина ушу тапта ал жердин 10 пайыздайын көзөмөлөп турат.

Путин Донбасс эми Орусиянын бир бөлүгү деп айтканы менен Киев жана Батыш аймакты мыйзамсыз басып алууну айыптап келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG