Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

20 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген милиция кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 20 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 2005-жылы туулган А. кызы А. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 28-ноябрь, түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен унаанын ичинде отурган кезде, белгисиз адам ыдык көрсөткөнүн айткан. Даттануучун өз арызында ал киши өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, шеригин дүкөнгө жиберип, аны коркутуп, психологиялык басым жасап, күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасандыгын билдирген.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы арызда көрсөтүлгөн жаран К.Ж. аттуу милиция кызматкери экендигин аныктады. Ал кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Материалдар жана шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 1988-жылы туулган К.Ж. атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

ИИМ расмий маалыматында өз катарындагы тартип бузган же мыйзамсыз иш-аракеттерге барган кызматкерлерди тазалоо иштерин улантып жатканын билдирет. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG