Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

"Сактанганды билбейт". Жаштар арасында жайылган ВИЧ


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

мазмуну

  • Кыргызстанда ВИЧ менен каттоодо турган 15 миңден ашуун адам бар, алардын 63% эркектер, 37% аялдар.
  • ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандардын саны өсүп, ийне аркылуу жугузгандардын саны азайды.
  • Кыргызстанда ВИЧке каршы күрөшүүдө дары-дармекке кеткен каражаттын 80% мамлекет бөлүп берет.

Кыргызстанда 15 миңден ашык кишиден ВИЧ-инфекциясы аныкталган. Илдетке кабылгандардын 60% ашыгы 20–39 жаштагы социалдык жактан активдүү адамдар. Дарыгерлер оору жыныстык жол менен тарап жатканын белгилешти.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун маалыматында, ВИЧ менен каттоодо тургандардын 14 миңден ашууну кыргыз жараны, 900дөйү чет элдиктер. Жалпы жонунан 63% эркектер болсо, 37% аялдар.

Дүйнөдө 1-декабрь - ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет.

"Жаштар сактанбайт"

Бишкектин тургуну 38 жаштагы Айнагүл (аты өзгөртүлдү - ред.) ВИЧ-инфекциясын күйөөсүнөн жугузган келиндердин бири. Ал дартка чалдыкканын жолдошу каза тапкандан кийин билген. ВИЧ анын баласынан да табылган.

Келин башында кыйналганы менен бара-бара оору менен жашоого көнгөнүн айтып берди.

“Башында ооруп, аябай кыйналгам. Жумушка көңүлүм чаппай жүрдүм. Акыры оорумду кабыл алдым. Азыр кадимки адамдардай эле жашап жатабыз. Тигүү цехинде иштейм. Тапканым тамак-ашка, батир акысын төлөгөнгө жетет. Мамлекет көп эле жардам берет. Экөөбүз тең пенсия алабыз. Аз болсо да шүгүр. СПИД борборунан кээде тамак-аш беришет. Дарыны ошол жерден акысыз алабыз. Балам экөөбүз окшош эле дары ичебиз. Өзүңөр сатып ичкиле десе, айла жок алып ичет элек да. Колуман келишинче балама жакшы тамак ичиргенге аракет кылам. Балам мектепте, жакшы окуп жатат. Азыр ушул балам үчүн жашап жүрөм. Окутсам, үйлөнтсөм дейм. Үзбөй дары ичсе, кийин баласы дени-карды соо туулат экен. Тааныштарым балалуу болушту да. Ошону көрүп жүрөгүм тынчып калды”.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун маалыматында, соңку беш жылда ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Аталган борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморова каттоодо тургандардын 60% эмгекке жарамдуу, 20-39 жаштагы жарандар экенин айтты:

“Бул эми социалдык ооруга кирет да. Жүрүм-турумга, жашоо-шартына байланыштуу болот. Жаштар азыр туш келди жыныстык катнашка барып жатышат. Презерватив колдонушпайт. Айтып, алдын ала эскертип эле келебиз".

Ошол эле маалда ВИЧти ийне аркылуу жугузгандардын саны соңку беш жылда 1,9% төмөндөгөн.

"Ийне менен жугузуунун алдын алуу боюнча Метадон программасы иштеп жатат. Шприцтерди алмаштыруучу 24 пункт бар. Абактарда, эл аралык уюмдардын базасында, медициналык пункттарда иштеп жатат. Ошонун эсебинен кан аркылуу жугузгандар азайды. Бирок жыныстык жол менен жуктургандар көбөйдү. Эмне үчүн көбөйүүдө? Бир чети мурдагыдан көп аныкталып жатат. ДССУнун сунушу менен экспресс-тесттер алынган. Аймактардагы бейтапканаларга чейин таратылып берилген. Анын жакшы жери ВИЧ жукканын 20 мүнөттө аныктаса болот”, - деди Үмүткан Чокморова.

Эл аралык жардам кыскарды...

ВИЧ менен күрөшүүдө Кыргызстанга ар кандай эл аралык уюмдар жардам берип келет. Өлкө ВИЧ-инфекциясына каршы күрөштү ДССУ, ЮНЭЙДС, ВИЧ, кургак учук жана безгек менен иш алып барган Глобалдык фонд ж.б. өнөктөштөрү менен биргеликте жүргүзөт.

Ачык булактардагы маалыматтардан 2018-2020-жылдар аралыгында Кыргызстан СПИД боюнча программага бери дегенде 34 млн 353 миң 146 доллар коротконун көрүүгө болот. Анын ичинен мамлекеттин үлүшү 14.7%, эл аралык донор уюмдардыкы 82% түзгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Анара Мамбетисаева ушу күндө акчанын көбүн мамлекет өзү бөлүп жатканын белгиледи.

“ВИЧ жана гепатиттерге каршы күрөшүүдө өнөктөштөрдөн да, мамлекеттен да өтө көп акча бөлүнөт. Ал штатын кармаганга, коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө, күйүүчү май жана тест системаларын алууга, бейтаптарды дарылоого чейин жумшалат. ДССУ сунуштарды берет, калган эл аралык уюмдар иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшөт. Онкологияга караганда да бул жакка көп акча бөлүнөт. Ошого карабай ооруну азайта албай жатабыз. Ошол себептүү, борбордун эффектүүлүгүн да кайра карап чыгышыбыз керек болуп турат. Бул эми кадимки эле оору. Кант диабетине чалдыккандар да инсулин алып жатпайбы. Булар дагы өмүр бою дары ичет. Саламаттык сактоо министрлиги өнүккөн өлкөлөр менен кызматташат, ошолордун протоколдорунун негизинде дарылоо ишин жүргүзүп келет”.

ВИЧ, кургак учук жана безгек менен иш алып барган Глобалдык фонд өзү эле 2021-2023-жылдары Кыргызстанга жалпы 27 млн 452 доллар бөлгөн. 2024-2026-жылдар үчүн дагы 29 млн доллар бөлөрү айтылган.

Бирок, 2025-жылы бир катар эл аралык программаларды каржылоо азайган же токтогон. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баамында, саламаттык сактоо системаларына бөлүнгөн жардам 2023-жылга караганда 30–40% кыскарган.

ЮНЭЙДС уюму бул аракет ВИЧке каршы күрөштө тартыштык көйгөйүн курчутканын, айрыкча ооруну алдын алуу иштери үзгүлтүккө учураганын белгилейт.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Глобалдык фонд Кыргызстан баштаган өнөктөштөрүнө чыгымдарын кайра карап көрүүнү суранганы маалым болгон.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова азыркы тапта дары сатып алууга бөлүнгөн каражаттын 80% мамлекеттин акчасы экенин белгиледи.

“2016-жылдан тарта бейтаптар үчүн дары мамлекеттин эсебинен алына баштаган. Ушу күндө дарылоо, лабораториялык диагностика акысыз. Жылына бюджеттен 25 млн сом бөлүнөт. Учурда дарынын 80% мамлекет өз акчасына сатып алат, 20% Глобалдык фонд алып берет. Балдар ичкен дарылар кымбат, уюм ошолорду алууга жардам берет. Эгер эл аралык каржылоо токтоп калса, мамлекет дарыны өзү алат”.

Адистер ВИЧти алып жүргөн адам вируска каршы дары ичкен учурда айланасындагылар үчүн коопсуз болорун, баласы дени-карды соо төрөлөрүн белгилешет.

"Түшүндүрүү, агартуу иштерин көбөйтүү керек"

БУУнун калк фондунун Кыргызстандагы аналитиги Дамира Абакирова мамлекеттин оору менен өзү күрөшүп жатканын оң баалады.

“2015-жылы Кыргызстан экономикасы өнүгүп жаткан өлкө катары таанылган. Буга байланыштуу көптөгөн гуманитардык жардамдар кыскарган. Биз буга кубанышыбыз керек. Анткени мамлекеттин оору менен күрөшүүгө кудурети жетет. Азыр дүйнөдө көпчүлүк фонддор кыскарып жатканда мамлекет дарынын 80% бюджеттин эсебинен алууда. Бул жакшы көрсөткүч. Буга чейин ар бир эл аралык уюм өз алдынча иштесе, азыр чогуу иштеп жатат. Бул да жакшы, анткени акча үнөмдөлөт. Бирок ВИЧ сыяктуу оорулар дайыма көңүл бурууну талап кылат. Азыр көптөгөн уюмдар коомго маалымдоо ишин жүргүзүүгө тийиш. Болбосо миграцияда жүргөн көпчүлүк жаштар сергек жашоо образын, ВИЧтен сактануу жолдорун билбей жатат”.

Миграция демекчи, айрым адистер ВИЧтин жайылышына бул тенденция дагы себеп болуп жатканын айтып келет. Дүйнөлүк маалыматка карасак, кыргыз мигранттары көп барган Орусия ВИЧ менен ооругандардын саны жагынан алдыңкы беш өлкөнүн катарында.

Орусиянын илимдер академиясына караштуу СПИДди алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Федералдык илимий-методикалык борбордун жетекчиси Вадим Покровскийдин билдиришинче, бул өлкөдө бир жылда ВИЧ-инфекциясына 35 миң адам чалдыгып, ооругандардын саны 1,25 миллионду түзгөн.

Кыргызстандын Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору ушу тапта мигранттарды аралыктан каттоого алып, дарылап жатканын билдирди.

БУУнун калк фондунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров айрыкча жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маанилүү дейт.

“Бизде калктын 37% жаштар болуп жатат. Акыркы учурда жыныстык жол менен жуккан инфекциялар жаштар арасында көп жайылып жатат. Ошол жаатта аң-сезимди көтөрүү зарыл. БУУ Саламаттык сактоо министрлиги менен репродуктивдүү саламаттык, энелердин ден соолугу багытында иш алып барып келет”.

ВИЧ үч жол менен жугат: корголбогон жыныстык катнашта; кан аркылуу (ийне сайылганда); энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кош бойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

2007-жылы Ош жана Ноокат шаарларындагы ооруканалардан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ илдети кан куюу жолу менен жукканы аныкталган. Үмүткан Чокморованын белгилешинче, балдардын алды ЖОЖдордо бюджеттик негизде окуп жатат, ал эми контракттык негизде тапшыргандарга мамлекет окуу акысынын 50% төлөп берет.

ВИЧ эмне болгон оору?

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы алгач 1990-жылдардын ортосунда катталган. Ушул күнгө чейин бул дарттын айынан 3 миңден ашуун адам каза болгон.

ЮНЭЙДС уюмунун маалыматында дүйнөдө ВИЧти 40,8 миллион адам алып жүрөт. 2024-жылы дарт жуккан 1,3 миллион учур катталган, дагы 9,2 миллион адам дарылана албай келет.

ВИЧ - бул иммундук таңкыстык вирусу. ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдар беш жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт. ВИЧти жуктуруп алган учурдан баштап башкаларга жугузуу коркунучу пайда болот. Ошол эле учурда оорунун мандемдери байкалып, алы кетип, дене ысып, ичтин өтүүсү, жөтөлүү, арыктоо ж.б. сезилет. ВИЧ менен СПИДге чейин өрчүп жеткенче 10 же андан да көп жыл өтүшү мүмкүн.

СПИД - жуктурулган иммундук таңкыстык синдрому – дарттын өтүшүп бүткөн кези. Бул учурда адамдын иммундук системасы биротоло жабыркап, организм ооруларга каршылык көрсөтө албайт. СПИД тез өрчүп, өлүмгө алып келет.

ВИЧ жана СПИД жөнүндө маалымат биринчи жолу 1981-жылы АКШда басма бетинде жарык көргөн, бирок көп өтпөй эле мындай оорунун башка өлкөлөрдө да бар экендиги, айрыкча Африка өлкөлөрүндө кездешери белгилүү болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG