Жаңылыктар | 26.11.2025 | "Тынчтык келишими" талкууда. Орусия Украинага соккуларын күчөттү
Запорожьеге жасалган Орусиянын жапырт дрон чабуулунан ондогон имараттар жабыркап, бир нече тургун жаракат алды. Майдандагы кырдаал оор бойдон калган шартта, тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу талкуу уланууда. АКШ президенти Дональд Трамп тынчтык документин «план эмес, сүйлөшүүлөрдүн концепциясы» деп мүнөздөдү. Киев Вашингтон колдогон формуланы талкуулоого даяр экенин билдирип, Европа союздаштарынын да катышуусу маанилүү экенин айтты. Ошол эле учурда аймактарды берүү боюнча талаш уланып жатат.
Шерине