Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Песков 2-декабрда Уиткофф Путин менен жолугарын айтты


Стив Уиткофф жана Владимир Путин. Архив
Стив Уиткофф жана Владимир Путин. Архив

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф орус президенти Владимир Путин менен 2-декабрда жолугушарын билдирди.

Песков кошумчалагандай, мамлекет башчы Орусия-АКШ сүйлөшүүлөрүнө даярдык иретинде бир нече жыйын өткөрмөкчү.

Уиткофф үстүбүздөгү жылы Путин менен бир нече ирет жолугушкан.

Алдынкы күнү чабарман Флоридада америкалык делегациянын курамында Украинанын өкүлдөрү менен кездешкен. Тараптар АКШнын тынчтык планынын чоо-жайын талкуулаган. Катышуучулар аны "конструктивдүү" деп баалап, алдыга жылуу байкалганын белгилегени менен конкреттүү макулдашууга жетишилген жок.

Жолугушуудан кийин Уиткофф тынчтык демилгесин талкуулоо үчүн 1-декабрда Орусияга аттанарын айткан.

Буга чейин аны менен кошо Москвага президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер барары кабарланган. Песков өз билдирүүсүндө Кушнердин визити тууралуу сөз кылган жок.

Ал ошондой эле Кремл "тынчтык планынын" долбоорун маалымат каражаттары аркылуу талкуулабай турганын кошумчалады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, аны "абдан конструктивдүү" деп белгилеген. Муну менен катар бир катар оңой эмес маселелердин үстүнөн иштөө зарылдыгын айткан.

АКШ 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуш кылгандан кийин Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү шашылыш өз долбоорун иштеп чыгууга киришкен.

Байкоочулар Ак үйдүн планы Орусиянын кызыкчылыгын жактап түзүлгөнүн белгилешет.

Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG