Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Рахмон Ооганстан менен чек арада чабуулдардын алдын алууну талап кылды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон күч түзүмдөрү менен жыйын курду. Душанбе, 1-декабрь 2025-жыл
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон күч түзүмдөрү менен жыйын курду. Душанбе, 1-декабрь 2025-жыл

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон күч түзүмдөрүнөн Ооганстан менен чек арада чабуулдардын кайталанышын алдын алууну талап кылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тартип коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйында Рахмон «акыркы жумада ооган тараптан тажик аймагы эки жолу аткыланганын, беш киши каза таап, бешөө жарадар болгонун» билдирди.

Расмий маалыматка караганда, президент «ооган жарандарынын чагымчыл жана мыйзамсыз аракеттерин катуу айыптады» жана тиешелүү мекемелерге кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын берди.

30-ноябрда Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Дарваз районунда кытайлык жумушчу набыт болгон, бир нече киши жабыркаган.

Ага чейин, 26-ноябрга караган түнү Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районундагы алтын комбинатынын аймагына ооган тараптан жасалган чабуулда Кытайдын үч жараны каза тапкан, бирөө оор жаракат алган.

Расмий билдирүүдө "кол салгандар ок атуучу курал жана ракета менен жабдылган учкучсуз аппарат пайдаланып, анын кесепетинен Shahin SM LLC компаниясынын үч кызматкери - кытай жарандары набыт болду" деп айтылат.

Коңшу өлкөнүн бийлиги өз аймагына жасалган кол салууну кескин айыптап, Ооганстанды башкарган "Талибан" өкмөтүн чек арадагы коопсуздукту камсыздоо үчүн "натыйжалуу чара көрүүгө" чакырган.

2021-жылы “Талибан” бийликке кайтып келгенден тарта 1300 чакырымдык тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланышкан камтама күчөдү.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG