Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Талас, Чүй: №16 жана №17 округдардын баштапкы жыйынтыгы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Талас облусу Чүй облусунун айрым аймактары менен кошо эки округга бөлүнгөн.

№ 16 округдун борбору деп Талас шаары белгиленген, курамына шаар өзү жана облустун Айтматов, Манас, Бакай-Ата райондору кирген. Мында үч орунга 10 талапкер ат салышты. Баштапкы эсеп боюнча, эң көп добуш Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, 49 жаштагы Дастанбек Жумабековдо, 36 жаштагы Медер Чотоновдо, аялдардан талапкерлигин "Ынтымак" саясий партиясы көрсөткөн Медина Кайрылбековада.

Талас району Чүй облусунун айрым райондору менен катар кирген № 17 округда үч орунга 15 талапкер атаандаш болду. Добуштарынын саны жагынан эркектерден Нурланбек Азыгалиев, Улукбек Узакбаев алдыда. Азыгалиев 55 жашта, ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, вице-спикери болгон. Узакбаев 38 жашта, прокуратура кызматкери, Өзгөн районунун прокурору болуп иштеген. Ал Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыккан жумуш тобунун мүчөсү болгон, учурда "Смарт Лекс" юридикалык компаниясын жетектейт.

Аял талапкерлерден бул округда Чолпон Эсенаманова алдыда келе жатат. Эсенаманова 45 жашта, өкмөттүк, парламенттик аппараттарда юрист болуп иштеген. 2016-жылы Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча атасы Замирбек Эсенаманов менен чогуу ат салышкан. Партия жетекчилигинин чечиминин негизинде мандатынан баш тарткан.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет жакта, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтын баары баштапкы эсепке негизделген. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG