Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Тергөө абактарындагы 500дөн ашуун шектүү добуш берди


Тергөө абактарындагы шектүүлөр добуш берүүдө. 30-ноябрь, 2025-жыл. Сүрөт Жаза аткаруу кызматына таандык.
Тергөө абактарындагы шектүүлөр добуш берүүдө. 30-ноябрь, 2025-жыл. Сүрөт Жаза аткаруу кызматына таандык.

30-ноябрь күнү өлкөдөгү тергөө абактарында отурган 500дөн ашуун шектүү жана 150 кызматкер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бардык тергөө абактарында аралыктан добуш берүүчү шайлоо тилкелери уюштурулуп, ар бир шайлоочунун катталган участогу боюнча добуш берүүсүнө шарт түзүлгөн.

Добуш берүүнүн мыйзамдуулугун жана акыйкаттыгын камсыздоо үчүн жараянга прокуратуранын, акыйкатчынын өкүлдөрү байкоо салууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 16:00гө карата 1 млн 73 миң 444 жаран добуш берди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 25% түзөт.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.

Боршайком билдиргендей, шайлоодо жалпы 460 талапкер ат салышууда жана бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.(ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG