Украиналык маалымат каражаттары ишемби күнү кечинде Кара деңизде Sea Baby деңиз дрондору Орусиянын Новороссийск портун көздөй бараткан танкерлерди бутага алып, кеминде бир кемеде өрт чыкканы тууралуу видео таратышты.
Танкерге учкучсуз дүрмөт тийгени тууралуу расмий маалымат таратылган жок. Бирок Түркиянын Транспорт министрлиги Орусиянын мунай танкеринде өрт чыкканы тууралуу кабар түшкөнүн билдирди.
Гамбиянын желеги илинген танкерлер жүгү жок, бош баратканын Түркиянын жээгинен 40-50 км алысыраак жерде бортто өрт чыкканын орусиялык экипаж билдиргени кошумча айтылды. VIRAT жана KAIROS деп аталган эки танкер тең Орусиянын мунай соодалаган "көмүскө флотуна" кирген кемелер катары Батыштын санкцияларына илинген.
Түркиянын Транспорт министрлиги өрт чыккан танкерди башкарган 25 киши аман-эсен куткарылганын, кемелер болжол менен тышкы кийлигишүүдөн улам өрттөнгөнүн кабарлады.
Орусия тарап азырынча бул окуялар тууралуу комментарий тараткан жок.
Шерине