Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул шайлоодо чет өлкөдө жүргөн жарандарга шайлоого катышууга шарттар бир топ жакшырганын билдирди. Өткөн шайлоодо четте 59 шайлоо тилкеси ачылган болсо, бул жолу алардын саны 100гө көбөйгөнүн белгиледи.
“Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, консулдук каттоодо жок жарандар да добуш берүүгө укуктуу болду. Алар жалпы жарандык же ID паспорту менен, болбосо Түндүк тиркемеси аркылуу каттоодон өтүп, добуш бере алышат”, - деди Имангазиев.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы менен саат 14.00го карата 8592 жаран добуш бергенин маалымдады.
Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышууда жана бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.
Шерине