Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Мамлекет башчы айрым журналисттерге берген кыска комментарийинде добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын билдирди.
“Бир эле маселе – шайлоочулар добушун сатып, талапкерлер сатып алган окуялар болуп атат. Шайлоочулардын баары добушун сатып жатат деп айтпайм. Басымдуусу эч кандай акчага кызыкпайт. Анткени алардын жашоо-турмушу жакшы жана дүйнө таанымы жогору. Бирок добушун саткан саналуу адамдар бар. Мындай бир көчө, бир кландар болот экен. Биз алар менен күрөшүп, камап жатабыз”, - деди президент.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого башта 467 талапкерди каттаган. Ар кандай жагдайда алардын ичинен жети адам шайлоодон четтетилип, 460 талапкер калды. Алардын 271и эркек, 189у аял талапкерлер. Боршайком андан тышкары 37 кишини талапкер кылып каттоодон баш тарткан.
Боршайком билдиргендей, бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. Шайлоого 788 эл аралык байкоочу көз салат.
Буга чейин БШК добуш добуш сатып алууга айыпталган талапкерлер Лира Акунованы, Гүлназ Халилованы жана Бахтияр Бообековду шайлоодон четтеткен.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)
Шерине