Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Сокулукта окуучуну жүк ташуучу машине менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунда окуучуну сүзүп кеткен айдоочу кармалганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматында 28-ноябрда түшкө жуук Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Сокулук айылынын Фрунзе жана Краснодар көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерген барганда 38 жаштагы айдоочу “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган автоунаа менен 16 жаштагы окуучуну сүзүп кетип, өспүрүм ошол жерде каза болгону такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, (ЖКККББ) быйыл он айда Кыргызстанда 7443 жол кырсыгы катталып, 750 киши каза болду. Бул 2024-жылдын ушул убактысына салыштырганда 30% көп. Жалпысынан жолдогу кырсыктардан 10 миң 767 адам ар түрдүү жаракат алган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG