Кошмо Штаттарынын жана Украинанын өкүлдөрү жекшембиде, 30-ноябрда Флоридада жолугат жана ага АКШнын мамлекеттик катчысы Макро Рубио катышат. Бул тууралуу AFP агенттиги америкалык аткаминерге шилтеме кылып жазды.
Жолугушууга ошондой эле АКШнын презииденти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер дагы катышары белгилүү болду.
Буга чейин украин делегациясын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башчысы Рустем Умеров баштап барары айтылып жаткан.
Марко Рубио Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу тууралуу өткөн аптанын аягындагы Женевадагы сүйлөшүүгө катышкан жана бул маселеде "олуттуу жылыш болгонун" билдирген.
Женевада Европа Биримдигинин, АКШнын жана Украинанын делегацияларынын өкүлдөрү кездешкен.
Буга чейин АКШнын бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу планын даярдаган. Ал жалпы 28 пункттан турары, анын ичинде Орусиянын Крым, Донбасс жана башка аймактарга суверендүүлүгүн таануу, украин армиясынын санын азайтуу, коопсуздук кепилдиктеринин шарттары, камакка алынган орусиялык активдер тууралуу сунуштар бар экени белгилүү болгон.
Евробиримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары АКШнын Украинадагы согушту токтотуу аракетин колдоп, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра иштелип чыгууга тийиш экенин белгилеген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 28-ноябрда Украинадагы согушту токтотуу тууралуу документтин "негизги параметрлери" Москвага өткөрүлүп берилгенин айткан.
Кошмо Штаттар даярдаган сунуштун чоо-жайы расмий жарыялана элек. Financial Times, Reuters жана Axios басылмаларынын маалыматына караганда, планда Украинанын айрым аймактарынан жана курал-жарагынан баш тартуусу, армиянын санын кыскартуусу керек деген шарттар каралган. Андан тышкары Киев АКШнын аскердик жардамынан да баш тартышы зарыл.
Расмий Киев буга чейин мындай шарттардын баарын четке кагып келген.
Шерине