Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Airbus A320 учактарынын айрым каттамдары убактылуу кармалууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Европалык аэрокосмостук Airbus корпорациясы A320 үлгүсүндөгү учактарынын көбүн кайра өзүнө ала туруп, программалык камсыздоосун өзгөрткөнү жатканын билдирди. Корпорация анын аталган учактарын иштетип жаткан авиакомпанияларга 28-ноябрда кат жөнөтүп, программалык камсыздоосун "кийинки каттамга чейин" өзгөртүү зарыл экенин билдиргенин Reuters маалымдады.

Адистер кеп дүйнөдөгү учактардын дээрлик жарымы тууралуу болуп жатканын, бир нече миң учактын иши убактылуу токтошу ыктымал экенин айтышкан.

Reuters АКШда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө ушул дем алыш күндөрү туристтик агым эң көп болорун, андыктан аба каттамдарынын убактысы алмашып, көйгөй жаралышы мүмкүн экенин жазган.

Соңку кабарларга караганда, көптөгөн өлкөлөрдө каттамдар үзгүлтүккө учурап, убактысы өзгөтүлүүдө. Мисалы, Air France 35, All Nippon Airways 65 ички каттамын убактылуу токтотту.

Airbus корпорациясы жасаган миңдеген учагында программалык, айрымдарында аппараттык жаңылоо талап кылынарын, анткени Күндүн нуру күчтүү тийген учурда навигацияга керектүү маалымат туура эмес жетип калышы мүмкүн экенин билдирди.

Мындай проблема бар экени 30-октябрда АКШнын Флорида штатында Jet Blue авиакомпаниясынын A320 учагы кабылган окуядан кийин белгилүү болгон. Учак өтө тездик менен төмөндөп барып, жерге шашылыш конгон, ичиндеги 15 киши ар кандай жараат алган.

Airbus корпорациясынын 55 жылдан берки тарыхында учактарын кайрадан жапырт кайтарып алуусу болгон эмес. A320 үлгүсүндөгү 11 300 учак азыркы тапта колдонууда, алардын арасынан 6 440 учак 1987-жылдан бери иште. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG