Кара деңизде, Түркия тараптагы жээкке жакын жерде мунай ташыган эки танкер өрттөнгөнүн 28-ноябрдын кечинде жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматтарга караганда, экөө тең Орусиянын мунайын ташууга тиешеси бар деген негизде Батыштын санкциясына кабылган.
Кемелердин бири Орусияга Индиядан бараткан Kairos, анда, Bloomberg жазгандай, минадан жарылуу болду. Экинчиси Virat танкери, ал да Орусияны көздөй бараткан.
Кемелер жүксүз бара жатканы, ичиндеги адамдар эвакуация болгону маалымдалды.
Орусия 2022-жылы коңшусу Украинага каршы согуш ачып, Кара деңиздин акваториясындагы украин тарапка таандык бөлүктү блокадага алгандан бери кемелер минадан жабыркаган окуялар буга чейин да болгон.
Kairos да, Virat да Гамбия өлкөсүнүн туусу алдында жүрөт, экөө тең санкцияга кабылган. (RK)
Шерине