Сириянын мамлекеттик медиа агенттиги маалымдагандай, 28-ноябрда Израил күчтөрүнүн бул өлкөнүн түштүгүндөгү Бейт Жинн айылында жүргүзгөн рейди маалында 13 киши өлдү, көптөгөн адамдар жаракат алды. Дамаск Израилди "криминалдык чабуул жасады" деп айыптады.
Сириянын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны "кайгылуу кыргын" деп атап, каза болгондордун арасында аялдар менен балдар бар экенин айтты.
Израил армиясынын маалыматына караганда, рейд "Жамаа Исламия" тобуна тиешеси бар деп шектелгендерди кармоо максатында жүргүзүлдү. Израил күчтөрү үч шектүү кармалганын жана алар "Израилге ракеталык чабуулдарды пландоого" шектелип жатканын маалымдады.
Сириянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулу бейкүнөө жарандарды, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүргөнүн, мүлктү талкалаганын жана тургундарды үйүн таштоого мажбур кылганын айтып, Израилди "толук масштабдуу согуш кылмышка барды" деп айыптады.
Сирия менен Израил арасында АКШнын демилгеси менен чек аранын коопсуздугун камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр болгон, бирок сентябрдан бери алар токтоп турат. Израил Сириянын жаңы өкмөтүнө ишенбестик менен карап, анын түштүгүн демилитаризациялоону каалап келет.
Шерине