Таиланддагы 12 провинцияны каптаган суу ташкындан 1,2 миллиондой үй-бүлө жана 3,6 миллионго чукул адам жабыркады Бул тууралуу өлкөнүн Өрт жана кырсыктарды алдын алуу департаменти 28-ноябрда билдирди.
Өкмөттүн маалымат катчысы Сирипонг Ангкасакулкият Бангкокто өткөн брифингде маалымдагандай, табият кырсыгы сегиз провинцияда 145 адамдын өмүрүн алды. Айрыкча Сонгкла провинциясында мерт кеткендердин саны 110го жеткен.
Суунун деңгээли бир аз ылдыйлаганда гана куткаруучулар жабыркаган аймактарга жете алышкан.
Алар Хат Яй шаарында куткаруучулар көбүрөөк адамдын сөөгүн тапканы кабарланды.
Метеорология департаменти айрым аймактарда дагы катуу жаан-чачын күтүлөрүн эскертип жатат.
Селден улам бир катар жолдор иштен чыгып, жүздөгөн турак жайлар жана автоунаалар суу алдында калды.
Аймактан тартылган видео жана сүрөттөрдөн бузулган жолдорду, кулап түшкөн электр мамыларын, суу менен агып кеткен техника жана автоунаалардын бири-биринин үстүндө оодарылып жатканын көрүүгө болот.
Ал арада Индонезияда сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 174кө жетти. Дагы ондогон адамдар дайынсыз.
Шерине