Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 28-ноябрда билдиргендей, Украинадагы согушту токтотуу боюнча документтин "негизги параметрлери" Москвага өткөрүлүп берилди.
Песковдун айтымында, бул планды келерки жумада Москвада Орусия менен АКШ өкүлдөрү талкуулашт. Буга чейин президент Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Москвага барары кабарланган.
Песков документтин мазмуну боюнча кенен комментарий берүүдөн баш тартты.
27-ноябрда Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын армиясы "ээлеп турган аймактардан" чыгып кеткенде гана согуш токторун билдирген.
Журналисттер Песковдон президенттин айткандарын тактоого аракет кылышты. Алар "Путин Донецк облусун гана айтып жатабы же Запорожье менен Херсонду дагыбы?"- деп сурашканда Кремлдин өкүлү бул маселе да сүйлөшүүлөрдө талкууланарын кошумчалады.
Орус армиясы учурда Украинанын Донецк, Херсон, Запорожье жана Луганск облустарынын кайсы бир бөлүктөрүн көзөмөлдөп турат. Расмий Москва бул аймактардын баарын эч негизсиз "Орусияныкы" деп атайт.
АКШ сунуштаган жаңы пландын маалымат каражаттарына чыгып кеткен версиясында Киев Донецк облусунан толук баш тартышы керек деген шарт бар.
Анткен менен, серепчилердин айтымында, украин президенти Владимир Зеленский үчүн мындай кадамга баруу оңойго турбайт. Анткени облустун ар бир айылы үчүн украин күчтөрү жылдап орус аскерлери менен салгылашып келишет.
Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак да кийинки жумада украиналык жана америкалык делегациялар Женевада башталган талкууну улантарын билдирди.
"Тез жана үзгүлтүксүз иштөө маанилүү", — деди ал.
Ермактын айтымында, Украина үчүн башкы максат мүмкүн болушунча тез арада туруктуу жана адилеттүү тынчтыкка жетүү. Ал кошумчалагандай, Украина чек ара сызыгы тууралуу сүйлөшүүгө даяр, бирок өз аймактарынан расмий баш тартууга барбайт.
Шерине