Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Гонконгдо өрттөн набыт болгондор саны 128ге жетти, 200дөй киши дайынсыз


Гонконгдогу өрт каптаган турак жай комплекси.
Гонконгдогу өрт каптаган турак жай комплекси.

Гонконгдо бийик турак жай комплексиндеги өрттөн улам каза тапкандардын саны 128ге жетти. Өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу жети имараттагы батирлердин ар бирин кыдырып отуруп 28-ноябрда дагы ондогон адамдын сөөгүн табышты.

Издөө иштери дагы уланып жатат, мындан улам курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал экени эскертилди. Буга чейин табылган сөөктөрдүн 89унун тек-жайы аныктала элек. Дагы эки жүздөй кишинин дайыны белгисиз.

Өрт шаршемби күнү түштөн кийин Wang Fuk Court деген комплекстеги көп кабаттуу сегиз үйдүн биринде тутанып, башкаларына тез жайылып кеткен.

Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Ал турак жай комплексинде ремонт жүрүп жаткан маалда тутанган. Гонконг бийлиги буга байланыштуу "этиятсыздыктан киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, үч адам кармалганын билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, кармалгандар комплексте ремонт жүргүзгөн курулуш компаниясынын жетекчилери жана инженери.

Тилсиз жоо менен күрөшкө жалпы 2300 өрт өчүрүүчү жана дарыгер тартылган. Жаракат алгандардын саны 79га жетти, алардын арасында 12 өрт өчүрүүчү бар. Бир өрт өчүрүүчү каза болгон.

Комплекстин ичинде канча адам калганын так айтуу кыйын. Тай По районундагы, Кытай чек арасына жакын жайгашкан Wang Fuk Court комплекси 1983-жылы курулган. 2021-жылдагы калк каттоонун маалыматы боюнча, комплекс аймагында болжол менен 4 600 адам жашаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG