Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Ал качан кайрыларын тактаган жок, учурда арыз даярдалып жатканын маалымдады.
“Азыр кайрылууга даярдык көрүп жатам. Конституциялык соттун чечимине байланыштуу ишти кайра кароо үчүн кайрылууга жол берген жаңы жагдай пайда болду. Ушунун негизинде кайрылабыз”, - деди Айткулов.
Быйыл апрель айында Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Айткуловдун өтүнүчүн канааттандырган. Анда сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.
Бул чечим Бакиев Кыргызстанга келет деген сөздөрдү кайра жандандырган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент келсе камаларын эскерткен.
Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айтты.
Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен анын тун уулу Марат 30 жылга, анын кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.
Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.
Шерине